Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Ысык-Көл облусу, Каракол 11.03.2019 11:54

Ысык-Көлдө мэрдин кубогу үчүн кыздар арасындагы футбол боюнча мелдеш аяктады (сүрөт)

Turmush -  Каракол шаарында мэрдин кубогуна арналган кыздар арасындагы футбол боюнча мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды, деп маалымдайт Turmush басылмасынын кабарчысы.

Каракол шаардык спорт бөлүмүнүн маалыматына караганда, мелдеш Каракол шаарынын 150 жылдык мааракесине жана Аялдардын эл аралык майрамына карата уюштурулду.

Жыйынтыгында 1-орунду «Каракол 1», 2-орунду «Каракол 2» командалары, 3-орунду Жети-Өгүз районунун кыздары ээлешти. Ал эми 16 жаштан жогорку кыздар арасындагы мелдеште балдар өспүрүмдөр спорт мектебинин тарбиялануучулары 1-орунду, Каракол шаарынын кыздары 2-орунду, Түп районунун кыздары 3-орунду алышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×