Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Ысык-Көл облусу, Каракол 10.03.2019 17:21

Караколдо 16 жашка чейинки кыздар арасында футбол боюнча мелдеш өттү

Turmush -  6-7-мартта Каракол шаарында кичи футбол боюнча өспүрүм кыздар арасында мелдеш өттү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы маалымдады.

Маалыматка караганда, мелдеш шаардын 150 жылдык мааракесине жана 8-март майрамына карата уюштурулду. Ага Жети-Өгүз, Ысык-Көл, Ак-Суу, Түп райондорунан жана Каракол, Чолпон-Ата шаарларынан келген 16 жашка чейинки футболчу кыздар катышты. Жеңүүчүлөр атайын сыйлыктар менен сыйланышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×