Бөлүмдөр
Шейшемби, 26-март
Ысык-Көл облусуТүп району 09.03.2019 08:53 На русском

Видео: Садыр Жапаров апасын акыркы сапарга узатуу зыйнатына келди

Turmush -  Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Садыр Жапаров бүгүн, 9-мартта эртең менен апасы Кадича Жапарованы акыркы сапарга узатуу зыйнатына келди. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы маалымдады.

Маалыматка караганда, ал алгач атасынын күмбөзүнө барып Куран окуду. Эл ошол жерден тосуп алып, азыр үйүнө алып келди.

Буга чейин 7-мартта Бишкек шаарындагы ооруканалардын биринде Садыр Жапаровдун апасы Кадича Жапарова көз жумганы кабарланган болчу.

Садыр Жапаровдун атасы Мустали уулу Нуркожо 2017-жылдын 20-сентябрында 84 жашында каза болгон. Атасына топурак салууга уруксат сураган С.Жапаров камактан бошотулган эмес.

Садыр Жапаров ата-энеси менен (архив)

Садыр Жапаров ата-энеси менен

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
47.96% (823)
«РСК Банк»
31% (532)
«Айыл Банк»
6.18% (106)
...
Всего голосов: 1716
×