Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-июль
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 08.03.2019 15:28 На русском

Абакта жаткан Садыр Жапаровго апасын акыркы сапарга узатуу зыйнатына барууга уруксат берилди

Turmush -  Абакта жаткан мурдагы депутат Садыр Жапаровго апасын акыркы сапарга узатуу зыйнатына келүүгө уруксат берилди. Бул тууралуу өздүк булактар билдиришти.

Маалыматка караганда, апаны акыркы сапарга узатуу иш-чарасы эртең, 9-мартта Түп районунун Кең-Суу айылында өтөт.

Буга чейин кечээ, 7-мартта Бишкек шаарындагы ооруканалардын биринде Садыр Жапаровдун апасы Кадича Жапарова көз жумганы кабарланган болчу.

Садыр Жапаровдун атасы Мустали уулу Нуркожо 2017-жылдын 20-сентябрында 84 жашында каза болгон. Атасына топурак салууга уруксат сураган С.Жапаров камактан бошотулган эмес.

Садыр Жапаров ата-энеси менен (архив)

Садыр Жапаров ата-энеси менен

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×