Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 08.03.2019 11:04

Ысык-Көлдө балык уулоого кетип жоголгон жубайларды издөө иштери токтотулду

Turmush -  28-февралда Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айыл аймагында көлгө балык уулоого кетип дайынсыз жоголгон жубайлар Юрий Новиков менен Роза Новикова дагы эле табылбай жатат. Бул тууралуу өздүк булактар билдиришти.

Маалыматка караганда, кечээ, 7-мартта кечки саат 18:00 чамасында издөө иштери токтотулуп, Бишкектен, Каракол шаарынан келген суучулдар кетишти. Ал эми айыл тургундары жана ӨКМдин жергиликтүү куткаруучулары кароо-издөө иштерин улантып жатышат.

Окуя тууралуу:

Жубайлар — Новиков Юрий 1980-жылы, Новикова Роза 1978-жылы туулган. Алар 28-февралда түндө балык уулоого кеткен боюнча кайрылып келишкен эмес. Туугандары алардын жоголгонунун куткаруучуларга 3-мартта айтышкан. 3-март күнү издөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн 14 куткаруучу, милициядан 20 адам жана жергиликтүү тургундардан 20 киши тартылган. Бирок жубайлар табылган эмес. Алардын улуу кызы Диана 8-класста, кичүү уулу Данил 2-класста окуйт. Бул үй-бүлө аз камсыз болгондуктан жубайлар буга чейин жалданма иштерге чыгып, 2 баласын багып келишкен.
Жубайлардын кайыгы оодарылып кеткен болушу мүмкүн экендиги болжолдонгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×