Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Ысык-Көл облусуТоң району 07.03.2019 10:14

Орто-Токой суу сактагычына сига-лудога балыгынын 800 миңдей чабагы коё берилди (сүрөт)

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Тоң районунда жайгашкан Орто-Токой суу сактагычына Ысык-Көл биосфералык аймагы дирекциясы жана Жайыт, мал жана балык чарба департаменти тарабынан 800 миңден ашык сига-лудога балыгынын майда чабактары коё берилди. Бул тууралуу Ысык-Көл биосфералык аймагы дирекциясынын директору Ирлан Сүйүмбаев билдирди.

Анын айтымында, мындай иштер суу сактагычта балыктын санын көбөйтүү максатында жүргүзүлүп жатат.

«Сига-лудога балыгы 2-3 жылда чоңоюп, салмагы 300-400 граммдан 4 килограммга чейин чоңоёт. Балыктын майда чабактарын жеке эле Орто-Токой суу сактагычында эмес, Ысык-Көлдө жана анын аймагында дагы өстүрүү жүргүзүлөт. Балыкты көбөйтүүнү 2010-жылдан бери аткарып келе жатабыз. Белгилей кетсек, көлгө таандык балыктын эндемикалык түрлөрү бар. Мисалы, Ысык-Көл маринкасын, Ысык-Көл чабагын, карп, сазандарды коё берип, көбөйтүп жатабыз», - деди ал.

Жайыт, мал жана балык чарба департаментинин Ысык-Көл, Нарын облустарындагы балык чарба бөлүмүнүн башчысы Бактыбек Асановдун айтымында, Ысык-Көлгө дагы 300 миллион майда чабак коё берилет.

«Урук алуу маалында форель, сига-лудога балыктарынан икра алуучу инкубациялык цехтер бар, буларды ошол жерлерден өстүргөнбүз. Учурда 800 миңден ашык сига-лудога балыгын коё берип жатабыз. Эми Соң-Көлгө 3 миллион балыктын ар кайсы түрлөрүнөн жана Ысык-Көлгө дагы 300 миллион майда чабак, 700 миң форель балыгынын майда чабактарын коё беребиз. Ал эми Орто-Токойдо балыктын сига-лудога жана карп, сазан деген түрлөрү бар», - деди Бактыбек Асанов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×