Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 07.03.2019 09:24 Жаңыланды: 07.03.2019 16:58

Түптө баатыр энелерге, эмгектин ардагерлерине наамдар тапшырылды (сүрөт)

Turmush -  Түп районунун Х.Карасаев атындагы маданият үйүндө 8-март — Аялдардын эл аралык күнүнө карата райондук иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Түп району боюнча иш-чарага катышып жаткан асылзат айымдарды Түп районунун акими Э.Жантаев куттуктап, баатыр энелерге, эмгектин ардагерлерине, эмгектин алдыңкыларына «Түп районунун ардактуу атуулу», «Кадырман эмгек каарманы» наамдарын, райондук администрациянын ардак грамоталарын, ыраазычылык баракчаларын жана баалуу белектерин тапшырды.

Бул иш-чаранын катышуучуларын ардагерлер кеңешинин төрагасы А.Алдаяров, аялдар кеңешинин төрайымы С.Шакембаевалар да куттукташты. Түп айыл өкмөтүнүн башчысы А.Асакеев да өзүнүн аймагына тиешелүү айымдарды жаз майрамы менен куттуктап, 50дөн ашык аялзатына баалуу белектерди тапшырды. Ушундай эле вазипаны Түп райондук ИИБдин жетекчиси Д.Исаков да аткарды.

Бул салтанаттын катышуучуларына ар кыл кесиптин ээлеринен куралган мырзалардын тобу менен айымдардын тобунан турган эки топтун сармерден айтышы майрамдык ыр белек катары тартууланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×