Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-июль
Ысык-Көл облусу, Каракол 06.03.2019 17:28

Караколдо Аялдардын эл аралык күнүнө карата 450 айым сыйланды (сүрөт)

Turmush -  Каракол шаарында 8-март — Аялдардын эл аралык күнү белгиленди.

Аймактык кабарчы маалымдагандай, Касымалы Жантөшев атындагы музыкалык драма театрында атайын иш-чара уюштурулуп, 450 айымга мэриянын белектери тапшырылды.

Аларга майрамдык маанай тартуулоо үчүн жаштар учурда популярдуу болуп жаткан жандуу эстеликтерди даярдашкан. Анда акылы, сулуулугу менен дүйнөнү дүңгүрөткөн атактуу айымдар чагылдырылган.

«Биз дагы ар тармакта коомдун өнүгүүсүнө салым кошкон, иштерман, мээрман, эмгекчил, баатыр энелерди чакырып, белек жана куттуктоо барактарын тапшырдык», - дейт вице-мэр Г.Орозова.

Ошондой эле, жол кыймылын көзөмөлдөгөн кызматкерлер айдоочу айымдарга гүл белек кылышты.

Жандуу эстелик — бул көчө пантомимасы. Анда толук гримделген актёр мрамор же металлдан жасалган эстеликтин образын жаратат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×