Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июнь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 06.03.2019 16:14 Жаңыланды: 06.03.2019 18:03

«Чала жан өспүрүм аман калганда сүйүнүп...» Россиядагы кыргыз хирургдун тажрыйбасы (сүрөт)

Turmush -  «Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы — 31 жаштагы Азат Бурабаев. Ал Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Теплоключенка айылында туулган. Учурда Россияда эң чоң ооруканалардын биринде хирург болуп эмгектенип жатат. Мекендешибиз менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал мектепти аяктагандан кийин 2006-2012-жылдары И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын дарылоо факультетинде билим алган. 2012-2014-жылдары Улуттук хирургия борборунда ординатураны окуп бүтүргөн.

«Алгачкы эмгек жолумду 2014-жылы Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы аймактык оорукананын хирургия бөлүмүндө хирург болуп иштөөдөн баштадым. Ал жерде 2018-жылга чейин эмгектендим. Ошол эле жылы Россияга өз кесибим боюнча иштөө үчүн кеттим.

Учурда Россиянын Хабаровск өрөөнүндөгү Амурдагы Комсомольск шаарында 7-оорукананын хиругия бөлүмүндө эмгектенип жатам. Бул шаардагы эң чоң ооруканалардын бири болуп саналат. Бул аймакта Кыргызстандын дарыгерлерине суроо-талап күч. Мен жаңы жумушка орношкондо жамаат жылуу кабыл алды. Бул жерде дарыгерлер үчүн мыкты шарттар түзүлгөн жана эмгек акы дагы салыштырмалуу жакшы төлөнөт.

Амурдагы Комсомольск шаарынын дагы өзүнүн тарыхы бар. Ал Амур дарыясынын жээгинде жайгашкан 250 миңдей калкы бар чакан шаар», - дейт Азат Бурабаев.

Ошондой эле ал иш учурундагы кызыктуу окуяларды айтып берди.

«2015-жылы Тоң районунда хирург жок болгондугуна байланыштуу 20 күнгө иш сапарым менен бардым. Ошол учурда жоон санынан жаракат алган бейтап ооруканага түштү. Ал тактай тилгичке бутун кестирип алыптыр. Жакындары бутун шейшеп менен таңып алып көтөрүп келишиптир. Бейтапты дароо операциялык бөлүмгө алып кирдик. Карасак сан артериясы кесилип кеткен экен. Тез убакытта операция жасап, аны аман алып калганбыз.

Дагы бир жолу Ак-Суу районундагы ооруканада нөөмөттө турган учурда бир бейтап оор абалда түштү. Анын башын ат тээп, баш сөөгү ичине кирип калыптыр. Кан басымы түшүп, дем алуусу начарлаган абалда алып келишти. Аны дароо кайра жандандыруу бөлүмүнө алып кирип, аппаратка салып, кан басымын көтөргөндөн кийин операцияга киргиздик. Анын дагы операциясы ийгиликтүү аяктап, бейтапты аман калганда сүйүнгөн элек.

Мындан тышкары, менин иш тажрыйбамда жол кырсыктан оор жаракат алган 17 жаштагы өспүрүм 2 буту-колу сынган абалда, чала жан болуп түштү. Медициналык текшерүүдөн кийин өпкө көңдөйүнө да кан бар экени аныкталып, бюлау боюнча дренаж койсок (өпкөнүн сырткы кабыгындагы суюктукту же абаны түтүк аркылуу алуу ыкмасы) бир литрдей кан чыкты. Дарыгерлердин консилиуму болуп, аны тез арада операцияга киргиздик. Бөлүмдүн башчысы К.Урбаев баш болуп, анын оор жаракаттарын тигип чыкканбыз. Кийин бейтап өзүнө келгенде баарыбыз сүйүнгөнбүз. Ушул сыяктуу оорулуулар сакайып кетсе сүйүнүп калабыз, анан ар бир бейтаптын айыгып кетишин кудайдан тилейбиз», - дейт хирург.

Анын айтымында, анын кесиби абдан жоопкерчиликтүү болгондуктан ата-энеси дагы тынчсызданып турушат.

«Бир гана мен эмес, ата-энем, 80 жаштагы таенем дагы мен дарылаган бейтаптардын айыгып кетишин кудайдан тилешет. Кээде ата-энем: «Балам, жеңил кесип тандасаң болмок», деп айтып калышат. Бирок бул кесип мага абдан жаккандыктан аны аркалап келе жатам. Бейтаптардын саламаттыгы жакшырганы мен үчүн чоң сыймык. Биз дүйнөнүн кайсыл бурчунда иштебейли, кыргыз дарыгерлеринин баркын түшүрбөгөнгө аракет кылып жүрөбүз. Учурдан пайдаланып, бизге билим берген мугалимдерге жана иш тажрыйбасын бөлүшкөн жалпы Кыргызстанда эмгектенген кесиптештерге ыразычылык билдирем. Мен дагы келечекте кыргыз медицинасынын өнүгүшүнө салым кошсом деген тилегим бар», - деди Азат Бурабаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×