Бөлүмдөр
Шейшемби, 26-март
Баракелде, Бишкек 06.03.2019 15:10

«Эмаком» компаниясы мырзаларга ак калпак тартуулады (сүрөт, видео)

Turmush -  Кыргызстандын аймагында 5-мартта Ак калпак күнү салтанаттуу белгиленди. Майрам күнүн утурлай «Эмаком» курулуш компаниясы да артта калган жок.

Компаниянын өкүлдөрү Бишкек шаарынын борбордук көчөлөрүндөгү жаштарды, ак калпак кийүүгө чакырып, бул күнү калпак кийбей жүргөн мырзаларга белекке ак калпак тартуулашты. Бул иш-чара борбор калаанын эл жыш жайгашкан жерлеринде өткөрүлүп, элди патроттуулукка чакырды. Ал учурда иш-чараны көргөн эстрада ырчылары да колдоп, кошулуп, ак калпактарды таратууга көмөктөштү.

Ар бир калпак элдин аң сезимин, маданиятын көтөрүп, кыргыздын баалуулуктары баарынан бийик экендигин билдирүү жана ак калпак майрамын даңазалоо максатында берилди.

«Ак калпак — кыргыздын нарк-насилин өзүнө камтыган, элибиздин көөнөрбөс байлыгы. Кыргыз эли кылымдар бою баш кийимди аздектеп, кастарлап келген. Андыктан ар бир жаран ак калпактын баалуулугун сыймыктануу менен дүйнө жүзүнө даңктап, келечек муундарга өткөрүп берүүсү абзел. Ак кийизден жасалган калпак ак мөңгүлүү тоолорду жана калктын жан дүйнөсүнүн тазалыгын айгинелеп келет. Ал эми ак калпакка түшкөн ар бир оюу өзүнчө чоң мааниге ээ. Мындай баш кийим бир гана кыргыз элине таандык экени белгилүү», - деп айтылат компаниянын билдирүүсүндө.

«Эмаком» курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Эмилбек Жусупов жалпы элди майрамы менен куттуктап, мырзаларды күн сайын ак калпак кийүүгө чакырып өттү.

«Калпак жөн эле аталып калган эмес. Калпак бийик зоону түшүндүрөт. Оймо-чиймелери кыргыз элинин өнөрлүү экенин айгинелейт. Ак калпак — кыргыздын негизги улуттук баш кийими. Кышкысын сууктан калкаласа, ысыкта салкын кармаган касиеттүү баш кийим болуп саналат. 5-март — өзгөчө улуттук баш кийимди даңазалаган улуу майрамдарыбыздын бири. Чындыгында ак калпактын философиясы өтө терең. "Асмандагы жарыкты жылдыз деп бил, ак калпакчан жигиттерди кыргыз деп бил" дегедей, өзгө улуттардан улуттук баш кийимибиз менен айырмаланып келебиз. Майрамдарда дагы кыргыз жигиттери калпак менен көрктүү экендиги байкалып турат. Мен жаштарды калпакты майрамда гана кийбестен, ар дайым башыбыздан түшүрбөй жүрүүгө чакырат элем», - деди Эмилбек Жусупов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
47.96% (823)
«РСК Банк»
31% (532)
«Айыл Банк»
6.18% (106)
...
Всего голосов: 1716
×