Бөлүмдөр
Шейшемби, 26-март
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 06.03.2019 13:05

Ысык-Көлдө уруш менен аяктаган мугалимдердин сынагы боюнча комиссия түзүлдү

Turmush -  Ысык-Көл райондук билим берүү бөлүмү тарабынан уюштурулган «Көл жылдызы» сынагында чыккан нааразычылыктарды иликтөө боюнча атайын комиссия түзүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Ысык-Көл райондук администрациядан билдиришкендей, райондук билим берүү бөлүмү сынакты өткөрүү боюнча акимиатка маалымат берген эмес. Мындан улам, сынакка администрациядан тиешелүү адис катышкан эмес.

Түзүлгөн комиссиянын өкүлдөрү сынактын катышуучулары менен жолугуп, жаралган нааразычылыктар боюнча иликтөө иштерин башташты.

Буга чейин Ысык-Көлдө өткөн «Көл жылдызы» сынагы уруш менен аяктагандыгы маалымдалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
47.96% (823)
«РСК Банк»
31% (532)
«Айыл Банк»
6.18% (106)
...
Всего голосов: 1716
×