Бөлүмдөр
Шейшемби, 26-март
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 06.03.2019 11:06 Жаңыланды: 06.03.2019 16:57 На русском

Мушташта өлтүрүлгөн Айтбек акыркы сапарга узатылды. Ал тууралуу эмне белгилүү? (видео, сүрөт)

Turmush -  Балыкчы шаарында мушташ учурунда мойнуна бычактан жаракат алып каза болгон 28 жаштагы Болотбек уулу Айтбек акыркы сапарга узатылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маркумдун эжеси (атасынын карындашы) Анара Чекированын айтымында, Болотбек уулу Айтбек 1991-жылдын 16-апрелинде Балыкчы шаарында төрөлгөн. Үй-бүлөдө эки бир туугандын кичүүсү болчу, эжеси бар. Кичинекей кезинде эле атасынан ажыраган, апасы экөө Балыкчы шаарында жашап жатышкан.

«Өзү ак көңүл, боорукер, башкалардан жардамын аябаган, кичи пейил жигит болчу. Апасы экөө чакан дүкөн иштетишчү. Ал товарларды алып келип берип, үй иштерине дагы жардам берчү. Алар дүкөнүн чоңойтуп, башка дүкөн куруп жатышкан. Жакын арада үйлөнтөбүз деп камданып жатышкан эле. Өзү беш маал намаз окуп, мечитте болгон таалимдерге дайыма барып турчу.

Анын өлүмүнө күнөөлүү болгон адамдар өз жазасын алат деген үмүттөбүз», - деди Анара Чекирова.

Буга чейин Балыкчы шаарында бир жигитти өлтүрүп, экинчисин жарадар кылып кетишкендиги маалымдалган.

Жеке булактардын маалыматына караганда, ушул жылдын 4-мартында саат 00:20 чамасында ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө шаардык оорукананын тез жардам бөлүмүнөн 25-30 жаштардагы эки жигит жарадар болгон абалда жандандыруу бөлүмүнө түшкөндүгү маалымдалган.

Териштирүү учурунда 3-мартта саат 23:30 чамасында Балыкчы шаарынын көчөлөрүнүн биринен 1991-жылы туулган Ч.Айтбек мойнунан кан тамыры кесилген абалда ооруканага жеткирилип, алган жаракатынан улам ооруканада эсине келбей каза болгондугу аныкталган. Ошондой эле 1991-жылы туулган А.Улан курсагынын сол тарабынан бычактан жаракат алып, оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылганы белгилүү болгон.

Тез аранын ичинде аткарылган иш-чаранын негизинде ШИИБдин кызматкерлери тарабынан аталган кылмышка шектүү кармалды. Шектүү — мурда КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 246-167-беренелери менен соттолгон, Балыкчы шаарынын 1991-жылы туулган тургуну Т.Аскат. Сурак учурунда ал күнөөсүн мойнуна алып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы аталган фактыны тастыктап, КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, тергөө иши жүрүп жатканын билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
47.96% (823)
«РСК Банк»
31% (532)
«Айыл Банк»
6.18% (106)
...
Всего голосов: 1716
×