Бөлүмдөр
Шейшемби, 26-март
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 06.03.2019 10:02

Ысык-Көлдүн аймагында Ак калпак күнү белгиленди (сүрөт)

Turmush -  Чолпон-Ата шаарында 5-мартта Ак калпак күнүнө карата иш-чара өткөрүлдү.

Аймактык кабарчы маалымдагандай, анда шаар тургундары, окуучулар, мекеме-ишканалардын кызматкерлери жөө жүрүшкө чыгышып, борбордук көчөлөрдү кыдырышты. Андан соң, катышуучулар улуттук баш кийим болгон ак калпакты даңазалоо керектигин жана ал улуттун, маданияттын сыймыгы экенин жаштарга айтып беришти. Иш-чаранын соңунда маданият кызматкерлери тарабынан концерттик программа тартууланды.

Ошондой эле Жети-Өгүз районунда дагы 5-мартта Ак калпак күнүнө карата жөө жүрүш уюштурулду.

Анда жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрү балдардын катышуусундагы жол кырсыктарын алдын алуу максатында ЖКККБнын кызматкерлери менен кызмат өтөштү. Алар көчөлөрдүн кесилишинде айдоочуларга жол эрежелерин сактоону эскертип жатышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
47.96% (823)
«РСК Банк»
31% (532)
«Айыл Банк»
6.18% (106)
...
Всего голосов: 1716
×