Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Ысык-Көл облусу, Каракол 06.03.2019 09:25 На русском

Караколдогу жаратылыш паркындагы 221 гектар жер боюнча кылмыш иши козголду (сүрөт, видео)

Turmush -  Каракол шаарындагы жаратылыш паркындагы 221 гектар жер ижарага берилип кеткени аныкталып, кылмыш иши козголду. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Каракол шаарынын прокурорунун орун басары Кубат Абдыманбетов маалымдады.

Анын айтымында, Каракол шаардык прокуратурасы атайын пландык негизде текшерүү жүргүзүп, жаратылыш паркынын 221 гектар жери 144 адамга 49 жылга ижарага берилип кеткени аныкталган. 144 адамдын учурда 20сы мамлекеттик актыларын алып үлгүрүшкөн. Азыркы тапта 20 иш райондор аралык сотко, дагы 20 иш Каракол шаардык сотуна жиберилген.

Каракол шаарындагы жаратылыш паркы боюнча 2017-жылдын 27-ноябрында сынак жарыялап, катышкан 144 адамга жер 49 жылга ижарага берилген.

Прокурордун орун басарынын маалыматына караганда, ижарага алган адамдардын айрымдары кайра башкаларга жең ичинен жерлерди сатып башташкан.

«Мыйзамга туура келбеген иштерди ооздуктоо боюнча учурда тийиштүү тараптар иш жүргүзүп жатышат. Бул факт боюнча азыркы тапта бир катар тийиштүү адистердин иши каржы полициясында болсо, айрым иштер соттун кароосунда. Иш тергелип, сот процесстери болуп, ага улай юридикалык баа берилери күтүлүүдө», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×