Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-июль
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 06.03.2019 07:57 На русском

Ысык-Көлдө айнеги караңгылатылган унааларга рейд өтүп жатат (сүрөт)

Turmush -  Ысык-Көл облусунун аймагында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери 4-марттан баштап «Тонировка» аталышындагы рейд жүргүзүп жатышат. Анын жүрүшүндө унаасынын терезесин караңгылатып алган айдоочуларга айып салынууда.

4-мартта өткөн рейдде «ВАЗ-21074» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу — Ысык-Көл районунун Өрнөк айылынын 1992-жылы туулган тургунуна жана «Мерседес-Бенц С 500» унаасынын айдоочусу — Кара-Ой айылынын 1993-жылы туулган тургунуна айып пул салынды.

Бул иш-чара Бузуулар жөнүндөгү кодекстин талаптары боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында 12-мартка чейин уланат. Рейд Ысык-Көл РИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысы, милициянын майору Тимур Кадыровдун жетекчилигинде өтүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×