Бөлүмдөр
Шейшемби, 26-март
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 05.03.2019 17:27 На русском

Балыкчыда бир жигитти өлтүрүп, экинчисин жарадар кылып кетишти

Turmush -  Балыкчы шаарында адам өлтүрүүгө шектүү делип 28 жаштагы жергиликтүү тургун кармалды.

Жеке булактардын маалыматына караганда, ушул жылдын 4-мартында саат 00:20 чамасында ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө шаардык оорукананын тез жардам бөлүмүнөн 25-30 жаштардагы эки жигит жарадар болгон абалда жандандыруу бөлүмүнө түшкөндүгү маалымдалган.

Териштирүү учурунда 3-мартта саат 23:30 чамасында Балыкчы шаарынын көчөлөрүнүн биринен 1991-жылы туулган Ч.Айтбек мойнунан кан тамыры кесилген абалда ооруканага жеткирилип, алган жаракатынан улам ооруканада эсине келбей каза болгондугу аныкталган. Ошондой эле 1991-жылы туулган А.Улан курсагынын сол тарабынан бычактан жаракат алып, оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылганы белгилүү болгон.

Тез аранын ичинде аткарылган иш-чаранын негизинде ШИИБдин кызматкерлери тарабынан аталган кылмышка шектүү кармалды. Шектүү — мурда КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 246-167-беренелери менен соттолгон, Балыкчы шаарынын 1991-жылы туулган тургуну Т.Аскат. Сурак учурунда ал күнөөсүн мойнуна алып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы аталган фактыны тастыктап, КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, тергөө иши жүрүп жатканын билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
47.96% (823)
«РСК Банк»
31% (532)
«Айыл Банк»
6.18% (106)
...
Всего голосов: 1716
×