Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 05.03.2019 16:41 На русском

Жыргалаңда жеке менчиктеги бала бакчанын имараты айыл өкмөткө кайтарылды (сүрөт)

Turmush -  Ак-Суу районунун Жыргалаң айыл аймагында балдар бакчасы айыл өкмөттүн карамагына өткөрүлдү, деп маалымдайт Turmush басылмасынын кабарчысы.

Аталган айыл өкмөттүн башчысы Талгат Мукалаевдин айтымында, имарат көп жылдан бери менчикте болуп, айыл тургундары имаратты айыл өкмөттүн карамагына өткөрүүгө аракет кылып келишкен.

«140 орундуу бала бакча Жыргалаң шахтасынын балансында болгон. Шахта банкрот болгондон кийин биз президентке чейин кайрылып, аны биздин баланска өткөрүп берүүнү суранып келгенбиз. Бирок маселе чечилбей жаткан. Быйыл жакшы саамалык болуп, айыл өкмөттүн балансына өттү. Биз жардам берген бардык жетекчилерге ыраазычылык билдиребиз», - дейт Талгат Мукалаев.

Анын айтымында, имаратты кайтаруу боюнча чечим 1-февралда облустук сот тарабынан чыккан.

«Балдар бакчасын 26-февралда өткөрүп алдык. Эми аны нотариус аркылуу бекитип, Мамлекеттик каттоо кызматынан кызыл китебин жасатуу иштерин бүтүрөбүз», - деп кошумчалады ал.

Имарат 1979-жылы курулган. Аны толук оңдоп-түзөө үчүн 10-15 миллион сом талап кылынат. Ал 60 орундуу болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×