Бөлүмдөр
Шейшемби, 26-март
Ысык-Көл облусуТүп району 05.03.2019 15:35 Жаңыланды: 05.03.2019 18:09 На русском

«Карышкырдан колдоочу» аталган карт бойдок Асхаттын Каркырадагы жашоосу (сүрөт)

Turmush -  Элге жаз келип, айдоо-себүүгө даярдыктар жүрүп жатса биз калың кардын туткунунан кутула албай жатабыз, - дейт Түп районунун Каркыра айылынын тургуну Асхат Жумадылов.

Асхат кичинекей кезинен бери эле жылкыга кызыгып, эс тарткандан бери жылкычы болуп эмгектенип келет. Атасы Исакожо каза болгондон бери энеси Раушан менен бирге 9 бир тууганына баш-көз. 42 жашка келсе да карт бойдок бойдон жүргөн Асхат инилери Азамат, Рашитбектер (экөө тең 4-5тен балалуу болушкан) менен жайы-кышы дебей Каркырада жашап, элдин жылкысын багышат.

Асхатты каркыралыктар «Карышкырдан колдоочубуз» деп аташат. Себеби ал жумуштап айыл өкмөткө кеткен күнү карышкырлар бир бээ, эки тайды тамактап кетишкен. Мындай окуялар Асхат жок болгон күнү сөзсүз кайталанат. Буга чейин Асхат колунда куралы жок карышкыр менен кездешкенде аны үзөңгүсү менен чаап алган деп айтышат.

Бул окуянын чын-бышыгын Асхаттан сурасак, ал: «Сууга кеткен жылкыларды карап барсам, бир килтейген карышкыр кол салууга жакындап калыптыр. Эмне деп кыйкырганымды билбейм, түз эле карышкырды качырып кирдим. Ал адамдын сүрүнөн корктубу, тоону көздөй качып жөнөдү. Мен кубалап бара жатам. Дайыма улакка түшүп жүргөн тору атым уламдан улам жакындап бара жатат. Колумда жада калса камчы да жок. Анын үстүнө элпек аттарга камчы деле көп колдонбойбуз. Эсиме үзөңгү түшө калып, үзөңгүнү боосу менен чечип алып, карышкырды баш жакка бир чаптым. «Каңк» деген үн чыгып, отуруп калды. Кайра даап бара алган жокмун. Айылды көздөй чаптым да инилеримди жана айылдык жылкычыларды ээрчитип барсам карышкыр өлүп жатат.

Салмоор ташты ыргыткандай, жез үзөңгү менен болгон күчүм менен чапкан экенмин. Башы бычырап кетиптир. Ошондон кийин кашабаңдар көп жолобой калган. Мен бул жактан бир жакка кеткенде карышкырлардын кол салганы жылкычылардын жылкыларды өз убагында карап турбаганында. Карышкырлар кыр-кырдан айылды карап турушат да, айылдан эч ким бастырбагандан кийин кол салышат», - деди.

Ошондой эле ал Каркырада кыш 8 айга созуларын кошумчалады.

«Баарыңар билесиңер, бизде кыш 8 айга созулат. Кар калың жаап, кар учурган бурганак сарайыбызды кар менен көмүп салды. Майда малды сыртка чыгаруу үчүн, аларды тоюттандыруу үчүн ушундай кылып тешкен тоо жасап алдык. Кардын туткунунда калган сарайдын ичи жылуу болуп, малыбыз кыштан ойдогудай чыгып жатат. Ал эми тигил Улан Калыбаев менен Марс Акылбаевдин «Волга» унаалары биринчи күнкү кардуу бороондо эле кардын алдында калган. Улан Калыбаев Түптөн келип, Каркырада түнөп калат. Эртең менен турса эле унаасын Марстын унаасынын жанында калың кар көмүп калган. Эми булар унааларын жок дегенде 2 айдан кийин — кар толук ээрип, жол ачылгандан кийин айдап кетишет», - дейт Асхат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
47.96% (823)
«РСК Банк»
31% (532)
«Айыл Банк»
6.18% (106)
...
Всего голосов: 1716
×