Бөлүмдөр
Шейшемби, 26-март
Ысык-Көл облусуТүп району 05.03.2019 14:31

Түптүктөр Ак калпак күнүнүн урматына улуттук кийимчен жөө жүрүшкө чыгышты (сүрөт)

Turmush -  Бүгүн, 5-март Түп районунда ак калпак кийген мырзалар, ак элечек кийген апалардын жана бул күнгө арналган иш-чаранын катышуучуларынын жөө жүрүшү менен башталды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Иш-чарада «Түп кайрыктары» поэзия кечесинин мүчөсү Сабыракун Сулайманов «Ак калпакты алтын башка теңеген» автордук ырын окуп бергенден кийин Түп райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Эрмекан Дүйшөбаева Ак калпак күнү менен куттуктап, «Ала Тоодой көрк берген ак калпагыңардын зоболосун мындан дагы бийик көтөрө бергиле» деген каалоосун айтты.

«Түп кайрыктары» поэзия кечесинин мүчөлөрү, райондун ар кайсы бурчунан келишкен айылдык акындар — Шекербек Алиев, Мукай Турумов, Улан Болотов өздөрүнүн жазган ырларын көркөм окуп беришти. Түп балдар музыкалык мектебинин комузчулар ансамбли «Чайкама», «Алтын балалык» чыгармаларын, «Сары көл айымдары» шайыр апалар тобу «Кыргыз калкыма», «Кара шоро» ырларын тартуулашты. Мындан тышкары ак калпактын жаралышы тууралуу маалыматтарды да айтышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
47.96% (823)
«РСК Банк»
31% (532)
«Айыл Банк»
6.18% (106)
...
Всего голосов: 1716
×