Бөлүмдөр
Шейшемби, 26-март
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 04.03.2019 17:10 Жаңыланды: 04.03.2019 18:08 На русском

Кайыгы калып, өздөрү дайынсыз болгон балыкчы жубайлар тууралуу эмне белгилүү? (сүрөт, видео)

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Кирпич айылында балык уулоого кетип, дайынсыз жоголгон жубайлар 4 күндөн бери изделүүдө.

Буга чейин ӨКМден билдиришкендей, жубайлардын дайынсыз жоголгону тууралуу маалымат куткаруучуларга 3-март күнү саат 12:10 чамасында түшкөн. Жубайлар 28-февралдан 1-мартка караган түнү саат 03:00 чамасында көлгө балык улоого чыгып кетишкен бойдон дайынсыз жоголгондугу айтылган.

Алардын айылдаштарынын айтымында, изделип жаткан жубайлар — Новиков Юрий 1980-жылы, Новикова Роза 1978-жылы туулган. Алардын улуу кызы Диана 8-класста, кичүү уулу Данил 2-класста окуйт. Бул үй-бүлө аз камсыз болгондуктан жубайлар буга чейин жалданма иштерге чыгып, 2 баласын багып келишкен.

Маалым болгондой, алгач жубайлардын туугандары алардын дайынсыз болгонун билишкен эмес. Алар балык улоого чыккандыктан, балык өткөрүп жүрүшөт деп ойлошкон. Качан гана алардын кайыгы табылганда өздөрүн издеп, тийиштүү органдарга кайрылышкан.

Ал эми ӨКМден: «3-март күнү издөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн 14 куткаруучу, милициядан 20 адам жана жергиликтүү тургундардан 20 киши тартылган. Бирок жубайлар табылган эмес. Издөө иштерине жардам көрсөтүү максатында Бишкек шаарынан 5 суучул келди. Издөө иштери бүгүн да улантылат», - деп билдиришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
47.96% (823)
«РСК Банк»
31% (532)
«Айыл Банк»
6.18% (106)
...
Всего голосов: 1716
×