Бөлүмдөр
Шейшемби, 26-март
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 04.03.2019 14:30

Жети-Өгүздө мамлекеттик ишмер Э.Кендирбаевдин урматына спорттук мелдеш өттү

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Барскоон айылында мамлекеттик ишмер Эшманбет Кендирбаевдин урматына волейбол боюнча турнир өткөрүлдү. Бул тууралуу Барскоон айылдык аксакалдар кеңешинин төрагасы Сапар Курманбеков маалымдады.

Анын айтымында, 3 жылдан бери өтүп келген мелдешке бул ирет облустан 16 команда катышты. Мелдешти өткөрүүгө Эшманбет Кендирбаевдин урпактары демөөрчү болушуп, акчалай сыйлыктарды жана кубок, медалдарды жеңүүчүлөргө тапшырышты.

«Чоң атам кезинде жасап кеткен эмгектери ооздон оозго айтылып келе жатат. Бул турнирди жаштарды ынтымакка үндөө, атабыздын атын түбөлүккө калтыруу максатында уюштурдук», - дейт анын небереси Эркин Эшманбетов.

Эшманбет Кендирбаев Кыргызстанда Совет бийлигин орнотууга катышкан мамлекеттик ишмер болгон. Совет бийлиги орногондон кийин Каракол жана Пишпек шаарында ревкомдун төрагасы, Кара Кыргыз автономиялуу облусунун Жер иштетүү боюнча эл комиссары, Жети-Суу облусунун аткаруу комитетинин төрагасы болуп иштеген.

Түркстан БКнын чечими жана 1921-жылы Ферганадагы басмачыларга каршы күрөшкө катышып, өнөкөт жүрөк оорусуна байланыштуу 1926-жылы кайра туулган жерине келген. Анын демилгеси менен Тамга кыштагында оорукана бөлүмү, Барскоон кыштагында орто мектеп курулган. Кара-Калпак АССРи түзүлгөндө (1932), ага айыл чарба башчысынын кызматы сунуш кылынган.

1936-жылы Ташкент шаарындагы пахта өстүрүү институтунда илимий кызматкер болуп иштеген. 1937-жылы Социал-Туран партиясынын мүчөсү деген жалган жалаа менен камакка алынып, атууга буйрулган. 1961-жылы Кыргыз ССРинин Жогорку соту тарабынан толук акталган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
47.96% (823)
«РСК Банк»
31% (532)
«Айыл Банк»
6.18% (106)
...
Всего голосов: 1716
×