Бөлүмдөр
Шейшемби, 26-март
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 04.03.2019 13:06

Жети-Өгүздүн Тамга айылына Туу күнүнүн урматына 15 метрлик желек орнотулду

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Тамга айылында Мамлекеттик туу күнүнүн урматына 15 метрлик туу орнотулду. Бул тууралуу аталган айылдын башчысы Адилет Дүйшөмбиев билдирди.

Анын айтымында, желектин узундугу 2 метр, туурасы 1,5 метрди түзөт.

«Мамлекеттик туу күнүнүн урматына «желегибиз ар дайым желбиреп турсун, эч качан тебеленбесин» деген тилекте жаштар тарабынан орнотулду», - дейт ал.

Айылдын кире беришине мурдагы аскер учагы эстелик болуп орнотулган. Ал жерге эс алуучулар, туристтер күндүн батышын көрүүгө көп келишет. Тургундардын айтымында, эң кооз күүгүмдү ушул жерден көрүүгө болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
47.96% (823)
«РСК Банк»
31% (532)
«Айыл Банк»
6.18% (106)
...
Всего голосов: 1716
×