Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-июль
Ысык-Көл облусуТүп району 09.03.2019 17:00 Жаңыланды: 10.03.2019 18:00

Айыл турмушу: М.Алиева кышы 8 айга созулган Каркырада 35 жылдан бери тропикалык гүлдөрдү өстүрүп келет (сүрөт)

Turmush -  Түп районунун кыргыз-казак чек арасында жайгашкан Каркыра айылынын 64 жаштагы тургуну Марина Алиева кышы 8 айга созулган аймакта финкус тропикалык өсүмдүгүн өстүрүп келет. Өзүнүн айтымында, ал Каркыра айылында 1984-жылы машина чарбалык станция (МЖС) уюшулгандан бери жашайт. Ошол жылдары ала келип тиккен тропикалык өсүмдүк финкус гүлү 35 жылдан бери гүлдөп жатат.

«МЖС уюшулганда көчүп келип, ошондон бери кышы 8 айга созулган Каркыра жергесинде жашап келе жатабыз. 5 балалуу, 15 неберелүү болдук. Негизи мал чарбачылыктан башка эч кандай кесип менен алектенбейбиз.

Мен өзүм гүл өстүргөндү абдан жакшы көрөм. 35 жыл мурда тиккен финкус гүлүнөн баштап, кышы катаал Каркыра жергесинде тропикалык гүлдүн 11 түрүн өстүрүп келе жатам. Кактустун эле 4 түрү бар. Акыркы 5 жылдан бери гүл өстүргөндү келиним Гүлбүбүгө өткөрүп бердим. Мен бала бакканга жардам берип турам», - деди М.Алиева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×