Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июнь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 03.03.2019 15:58 На русском

Сүрөт: Ысык-Көлдө 3 күн мурун балык уулоого кеткен жубайларды издеп жатышат

Turmush -  Ысык-Көл облусунда балык уулоого кетип, дайынсыз жоголгон эки тургун изделип жатат. Аймактык кабарчыга маалым болгондой, аталган тургундардын туугандары бүгүн, 3-мартта тиешелүү кызматкерлерге кайрылышкан.

Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айыл аймагындагы жубайлар – 1980-жылы туулган Н.Ю. жана 1978-жылы туулган Н.Р. 28-февралда саат 03:00 чамасында балык уулоого кетип, кайра кайрылып келишкен эмес.

Учурда аларды издөө иштери башталды. Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн 12 кызматкери жана РИИБдин өкүлдөрү, Каракол, Бишкек шаарынан келген суучулдар жана жергиликтүү жашоочулар 5 кайык менен издөө иштерин жүргүзүп жатышат.

Жубайлардын кайыгы оодарылып кеткен болушу мүмкүн. Алардын 2 баласы бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×