Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Ысык-Көл облусуТоң району 03.03.2019 09:22

Кара-Талаа айылында футбол боюнча мелдеш уюштурулду (сүрөт)

Turmush -  Тоң районунун Улахол айыл аймагынын Кара-Талаа айылында кичи футбол боюнча мелдеш өттү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Спорттук иш-чараны Кара-Талаа айылынын 1984-жылы туулган тургундары уюштурган. Мелдештин негизги максаты — айыл жаштарынын жана улуу муундардын ортосундагы ынтымакты бекемдөө, аларды спортко тартуу, сергек жашоого үндөө.

Командалар оюнчулардын туулган жылдарынан аталды. Айыл тургуну Бакыт Эшеновдун айтымында, 18 жаштан 30 жашка чейинки жашоочулар өзүнчө, 30 жаштан жогорку тургундар өзүнчө бөлүнүп, эки башка мелдеш өттү.

Жыйынтыгында биринчи мелдеште 1989-жылы туулган спортчулар 1-орунду алса, 2-орунду 1974-жылы төрөлгөн оюнчулар багындырды. Ал эми 3-орунду 1987-жылы туулган футболчулар жеңип алды.

Экинчи мелдеште 1-орунду 1995-жылы төрөлгөн футболчулар, 2-орунду 1994-жылы төрөлгөн оюнчулар, 3-орунду 1997-жылы туулган жигиттер алды. Аларга акчалай сыйлык, кубок, медалдар тапшырылды. Жаш футболчуларга 2500, 2000, 1500 сомдук акчалай сылыктар берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×