Бөлүмдөр
Шейшемби, 26-март
Ысык-Көл облусу, Каракол 02.03.2019 12:35 На русском

ИИМдин башчысы Ысык-Көл ОИИБдин жаңы жетекчиси У.Асанбаевди жамаатка тааныштырды (өмүр баяны)

Turmush -  Бүгүн, 2-мартта ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Ысык-Көл ОИИБдин жаңы жетекчиси Улан Асанбаевди жамаатка тааныштырды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка караганда, министр Кашкар Жунушалиев ОИИБдин жаңы жетекчисин жеке курамга тааныштырып жатып, ага ишинде ийгиликтерди каалады.

Буга чейин маалымдалгандай, Асанбаев Улан Кубатович Ысык-Көл ОИИБдин башчысы болуп дайындалган. Тиешелүү буйрукка 28-февралда министр Кашкар Жунушалиев кол койгон.

Өмүр баяны

Аты-жөнү: Асанбаев Улан Кубатович

Туулган жылы: 1978-жыл

Туулган жери: Ак-Суу районунун Каракол айылы

Билими:

- 2000-жылы ИИМ Академиясы бүтүргөн.

Эмгек жолу:

- 2000-жылы Ак-Суу РИИБде тергөөчү;

- 2016-жылга чейин Ысык-Көл ОИИБдин курамында ар кандай кызматтарды аркалаган;

- 2016-жылы Ысык-Көл РИИБдин башчысы;

- 2018-жылы Каракол ШИИБдин жетекчиси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
47.96% (823)
«РСК Банк»
31% (532)
«Айыл Банк»
6.18% (106)
...
Всего голосов: 1716
×