Бөлүмдөр
Шейшемби, 26-март
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 02.03.2019 11:46 Жаңыланды: 02.03.2019 15:57 На русском

Жол кырсыктан милиционер 4 жаштагы кызы менен каза болду: Маркумдун иниси окуя тууралуу айтып берди (сүрөт)

Turmush -  Ысык-Көл облусунда жол кырсыктан улам 4 жаштагы кызы менен каза болгон милициянын кызматкери Боронбай уулу Бейшембайдын иниси Боронбай уулу Максат окуя тууралуу айтып берди.

Буга чейин маалымдалгандай, Балыкчы—Ананьев—Каракол унаа жолундагы жол кырсыктан милиция кызматкери, анын 4 жаштагы кызы каза болгон. Окуя 22-февралда саат 21:30 чамасында катталган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, «Тойота Лэндкрузер» унаасын башкарып бара жаткан Бишкек шаарынын тургуну багытын каршы тилкеге буруп, «Ауди-100» унаасы менен сүзүшкөн. Экинчи унаа Ысык-Көл ОИИБдин коомдук коопсуздук кызматынын кызматкери Боронбай уулу Бейшембайдын башкаруусунда болгон.

Маркум милиция кызматкери Боронбай уулу Бейшенбайдын иниси Максаттын айтымында, ошол күнү агасы Ысык-Көл районунун Орто-Өрүктү айылындагы ата-энесиникине келе жаткан.

«Агам Каракол шаарында үй-бүлөсү менен жашачу. Окуя болгон күнү жумушунан чыгып, биз жашаган Орто-Өрүктү айылына келе жаткан. Жанында үй-бүлөсү жана кесиптеши, анын боюнда бар аялы, бир баласы менен келе жаткан экен. Ал кесиптеши дагы Ой-Тал айылына ата-энесиникине бара жатыптыр. 23-февраль майрамга карата ата-энелерин куттуктоо үчүн келе жатышып, жол кырсыкка кабылышыптыр.

«Тойота Лэндкрузер» унаасы карама-каршы тилекеге чыга калып, агам бара жаткан унааны сүзгөн экен. Ошол жерде карама-каршы тилекеге чыкканга болбойт деген белги турат. Ага карабай, айдоочу жол тандабас унаасы менен чыга калып, өз жолунда келе жаткан агамдын унаасын сүзгөн. Кырсыктан улам агам 4 жаштагы кызы менен каза болуп калды. Азыр келинчеги калган балдары менен ооруканда. Жакшы болуп кетишсе экен деп кудайдан тиленип жатабыз. Жеңем кызы менен күйөөсү каза болгонун уга элек», - дейт иниси Максат.

Анын айтымында, агасы милиция кызматында 2012-жылдан бери эмгектенет.

«Агам үй-бүлөдө 4 бир туугандын экинчиси эле. Болгону 29 жашта болчу. Аркасында 3 жаштагы уулу, 6 айлык кызы калды. 4 жаштагы улуу кызы дагы жол кырсыкта каза болуп калды.

Өзү ишине так, мүнөзү жакшы адам эле. Ата-энесин, бир туугандарын, аялын дайыма сыйлап турчу. Эс тутуму дагы жакшы болчу. Телефонундагы номурлардын баарын жатка билер эле. Мектепте жалаң «5» деген баага окуп, отличник болуп бүттү. Эки жогорку билимге ээ болду. Жумушунан көптөгөн ардак грамота, медалдар менен сыйланган. Баардык ийгиликке өз күчү менен жетти. Акыркы жолу Ысык-Көл облусунун участкалык милиция кызматкерлеринин башчысы кызматына жаңы эле которулган эле. Милициянын капитаны болчу», - деди Максат.

Буга чейин Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы тастыктаган маалымат боюнча, кырсыктын кесепетинен Боронбай уулу Бейшембай, анын 4 жаштагы кызы окуя болгон жерде көз жумду.

Унаанын ичиндеги:

- Боронбай уулу Бейшембайдын жубайы;

- 10 жаштагы кызы;

- 3 жаштагы уулу;

- 28 жаштагы кесиптеши — Ысык-Көл ОИИБдин коомдук коопсуздук кызматынын кызматкери Жалил;

- анын жубайы;

- 1,5 жаштагы уулу ооруканага жаткырылды.

Жол тандабастын 1 жүргүнчүсү да жаракат алып, ооруканага жаткан. Turmush басылмасына маалым болгондой, «Тойота Лэндкрузер» унаасын 1997-жылы туулган Ы. уулу Ж. башкарып жүргөн.

Учурда бул кырсыкка байланыштуу тактоо, териштирүү иштери жүрүп жатат.

Кийинчерээк маалым болгондой, «Тойота Лэндкрузер» унаасын 1997-жылы туулган Ы. уулу Ж. башкарып жүргөн. Айрым маалыматтар боюнча, ал Кыргызстандын футбол боюнча жаштар командасында ойногон. Учурда футбол клубдардын биринде жарым коргоочу. Ал жол кырсыктан жаракат алган эмес.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
47.96% (823)
«РСК Банк»
31% (532)
«Айыл Банк»
6.18% (106)
...
Всего голосов: 1716
×