Бөлүмдөр
Шейшемби, 26-март
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 25.03.2019 22:31

Айыл турмушу: Экс-чиновник Россиядан алып келген эт, сүт багытындагы асыл тукум малдын санын көбөйтүп жатат (сүрөт)

Turmush -  Ак-Суу районунун Боз-Учук айылынын тургуну Марат Жусупов асыл тукум мал багуу менен алектенет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал 2018-жылы Орусиянын 4 облусунда болуп, кандай породадагы мал биздин өлкөнүн климатына ыңгайлуу экенин көрүп келген.

«Россиядан сементал породасындагы 61 баш торпок алып келгем. Алардын өздүк паспорттору бар, анда малдын атасы, энеси жана теги толук камтылган экен. Алар биздин климатка бат эле көнүп кетишти. Сүт жана эт багытындагы бул уйлардын жакшы жери тоют тандашпайт. Күнүнө 18 литрден сүт берет. Бул асыл тукум малды бир жылдан бери багып жаткандыктан бул породадагы торпоктор көлөмдүү болуп чоңоюшту. Азыр 7-8 айлык торпоктор башкаларга салыштырмалуу чоң келишет.

Асыл тукум мал багып жатканыма бир жыл гана болгондуктан учурда анын киреше бөлүгүн эсептеген жокмун. Себеби менин максатым сүт жана эт багытындагы уйлардын санын көбөйтүү, мал чарбасын кеңейтүү менен айылда жумуш орундарын түзүү болуп саналат», - дейт Марат Жусупов.

Ал буга чейин эки ирет айыл өкмөт башчы болгонун, кийин мамлекеттик кызматын таштап, мал асыроого өткөнүн айтат. Анын уулу дагы бул тармактагы адис болгондуктан асыл тукум мал багууну колго алышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
47.96% (823)
«РСК Банк»
31% (532)
«Айыл Банк»
6.18% (106)
...
Всего голосов: 1716
×