Бөлүмдөр
Шейшемби, 26-март
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 01.03.2019 11:01

Мекендештер: Коомдук транспортто жүрүү адебин Санкт-Петербургдун элинен үйрөнсөк, - айдоочу У.Орозалиев (сүрөт)

Turmush -  Мекендештер рубрикасынын кезектеги каарманы — 31 жаштагы Урмат Орозалиев. Ал Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Теплоключенка айылында туулган. Учурда Россиянын Санкт-Петербург шаарында эмгектенет. Аймактык кабарчы мекендешибиз менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал Санкт-Петербургда акыркы 5 жылдан бери иштеп жатат.

«Кыргызстанда туруктуу жумуш жоктугуна байланыштуу Санкт-Петербург шаарына 2013-жылы келдим. Ошондон бери жүк ташуучу «КамАЗ» унаасынын айдоочусу болуп иштеп жатам. Учурда шаардын ичиндеги карды ташып иштейбиз. Айлык маянабыз иштегенге жараша 40000 рублдан 70000 рублга чейин болот», - дейт Урмат.

Анын айтымында, бир жолу досунун тамаша торуна түшкөнүн эч унутпайт.

«Убактыбыздын көбү жумушта өтөт. Жумуштан кеч келип, кайра эрте туруп иштегени кетем. Бир жолу адаттагыдай эле жумуштан кеч келип, тамактанган соң, уктаганы жатып, досума: «саат 04:00дө ойготуп койчу» дедим. Уктап кетиптирмин, бир маалда досум: «саат 04:00 болду, тур» деп ойготту. Мен жумушка шашкан бойдон араң бир стакан кофе ичип алып, чыгып кеттим. Унаага жетип калганда досум телефон чалып, каткырып: «тамаша, азыр саат 00:15 эле болду, кайра кел» дейт. Жолдун боюнда суу куюучу унаа турган экен, анын айдоочусунан саат канча болгонун сурасам, түнкү 12:15 болгонун айтты. Көрсө досум үйдөгү болгон сааттарды 04:00гө жылдырып коюп, мени тамашага салган экен. Ушул окуяны досторум менен эстеп, дайыма күлүп калам», - дейт мекендешибиз.

Анын айтымында, Санкт-Петербург кооз шаарлардын бири.

«Жайында жамгыр көп жаагандыктан нымдуулук болуп турат. Шаар бир топ эле өнүккөн, жолдорун бат-баттан жасап турушат. Туристтер көп келишет экен. Эли дагы маданияттуу. Мисалы, алыскы райондорго кетчү аялдамага адамдар шурудай болуп тизилип, кезек күтүп турушат. Автобус же кичи автобус болобу, кезеги менен киришип, орун алышат. Жанталашып, орун талашкан адамды көрбөйсүң. Бизге дагы ушундай тартип кирсе, элибиз бири-бирин жөөлөбөй, маданияттуу болсо дейт элем. Башка элдин жакшы сапаттарын үйрөнүүгө эмнеге болбосун?

Чет жерде жүргөндүктөн өз мекениңди сагынасың. Андайда туугандарга телефон чалып, сүйлөшөм. Буюрса Кыргызстанга барып, соода-сатык тармагында иштейин деген үмүтүм бар», - деди У.Орозалиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
47.96% (823)
«РСК Банк»
31% (532)
«Айыл Банк»
6.18% (106)
...
Всего голосов: 1716
×