Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июнь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 28.02.2019 17:41

Балыкчыда азан айтуу боюнча сынак өтүп, жеңүүчүлөр аныкталды (сүрөт)

Turmush -  Балыкчы шаарында азанды көркөм жана кырааты менен айтуу боюнча сынак өттү.

Аймактык кабарчы маалымдагандай, борбордук «Ырыс» мечитинде өткөн сынакка шаардык мечиттин, медресенин, намазканалардын жамааттары жана жергиликтүү тургундар болуп жалпы 15 адам катышты.

Алар:

1. Абдусамат Акунов – «Исагалы-Сабира» медресесинен, 12 жашта.

2. Нурмухаммад Эсенгул уулу – «Исагалы-Сабира» медресесинен, 12 жашта.

3. Усман Абасов – «Исагалы-Сабира» медресесинен, 15 жашта.

4. Аманбек Басызбеков – 22 жашта.

5. Ислам Мамбеткалиев – «Имам Аъзам» намазканасынан, 25 жашта.

6. Медет Бакиров – «Ырыс» мечитинен, 36 жашта.

7. Марат Жаныбеков – «Абу Бакр» мечитинен, 38 жашта.

8. Алмаз Тыныбеков – «Анас» мечитинен, 46 жашта.

9. Момунбек Ашырамкулов – «Ырыс» мечитинен, 48 жашта.

10. Нурлан Касманбетов – «Ясин» намазканасынан, 53 жашта.

11. Таалайбек Сабитакунов – «Хамза» мечитинен, 53 жашта.

12. Нурманбет Абдразаков – «Ырыс» мечитинен, 79 жашта.

13. Өмүрбек Бакиров – «Фирдоус» мечитинен 69 жашта.

14. Нурбек Сатыбалдиев – «Рамазан» мечитинен.

15. Махмуд Иброгимов «Латифа» мечитинен 42 жашта.

Сынакка имамдар – Ч.Исакунов, М.Кыпчагалиев, К.Абасов, М.Иброгимов, К.Нурдиновдор калыстык кылышты.

Жыйынтыгында калыстардын койгон бааларынын негизинде 1-орунга 5 упай менен Медет Бакиров, 2-орунга 4,5 упай менен Абдусамат Акунов, 3-орунга 4,3 упай менен Момунбек Ашырамкулов жана Усман Абасов, 4-орунга 4,2 упай менен Нурмухаммад Эсенгуловдор чыгышты.

Жеңүүчүлөр 26-мартта Чолпон-Ата шаарында боло турган Ысык-Көл облустук сынакка катышмакчы. Облустук сынакта жеңүүчүлөрдүн байгесине 8000, 6000, 4000 сомдук акчалай сыйлыктар коюлган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×