Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июнь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 28.02.2019 13:15 На русском

Балыкчыдагы жатаканада күйөөсү талабын аткарбаган жаш аялын сабап салды

Turmush -  Балыкчы шаардык соту аялын сабап салган жарандын ишин карап чыгып, чечим чыгарды.

Айыпталуучу — Балыкчы шаарында 1989-жылы туулган Аскат (С.А.М. аты өзгөртүлдү), билими орто, үй-бүлөлүү, мурда соттолгон эмес, убактылуу бош. Ага КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 112-беренесинин 1-бөлүмү (саламаттыкка атайылап жеңил залал келтирүү) менен айып тагылууда.

Соттун токтомундагы маалыматка караганда, Аскат 2018-жылдын 7-ноябрында таңкы саат 06:30 чамасында Балыкчы шаарындагы жатаканалардын биринде бирге жашаган келинчеги — 1992-жылы туулган Айзат (Б.А.М. аты өзгөртүлдү) менен уруша кеткен. Келинчеги жылыткычтын жанында 8 айлык баласы менен жатканда Аскат: «Тур, ары жакка жат» деп кайрылган. Келинчеги: «Бала менен терезенин жанына жатпайм, балага суук тиет» деп жооп берген. Ошол учурда Аскат муштуму менен аны бетке бир нече жолу уруп, буту менен тепкилеп, денесине жаракат келтирген.

2018-жылдын 19-ноябрындагы соттук-медициналык экспертизанын корутундусунда Айзаттын башында, көздөрүнүн айланасында, көкүрөк клеткасында, шыйракта канталоолор болгону аныкталган. Мээнин чайкалышы ден соолугунун бузулушуна алып келген жеңил жаракат деп көрсөтүлгөн.

Жогорудагы кылмыштарды жасагандыгы үчүн соттолуучу Аскат КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 112-беренесинин 1-бөлүмү менен айыпталып, иш соттун кароосуна берилген.

Соттук жыйында Аскат сотко өтүнүч менен кайрылып, анда ал күнөөсүн толук мойнуна алып, өкүнүп жатканын белгилеп, кылмыш ишти жаңы кабыл алынган мыйзамдын негизинде кыскартып берүүнү суранган. Жабырланычуу Айзат соттолуучунун өтүнүчүн колдоду.

Сот келтирилген өтүнүчтү угуп, отурумдун катышуучуларынын ойлорун билип, төмөнкү себептердин негизинде келтирилген өтүнүч канааттандырууга жатат деп эсептейт:

- КРнын Кылмыш-жазык кодексинин 26-беренесинин 1-бөлүмүнүн 10-пунктуна ылайык жоруктун декриминалдашуусуна байланыштуу иш боюнча өндүрүш кыскартылууга жатат;

- КРнын Кылмыш-жазык кодексинин 59-беренесине ылайык жосун кылмыштан арылтылган учурда, башкача айтканда ушул кодексте каралган жосундун жазык жазалануусун алып салган мыйзам күчүнө киргенде, адам сот тарабынан жазык жоопкерчилигинен токтоосуз бошотулат;

- КРнын Кылмыш-жазык кодексинин 292-беренесинин негизинде, эгерде соттук териштирүү учурунда ушул кодекстин 26-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-13-пункттарында көрсөтүлгөн жагдайлар аныкталса, сот отурумунда иш токтотулууга тийиш.

Сот жогорудагыларды эске алып, Аскатка карата угузулган жосундардын декриминалдашуусуна байланыштуу ага карата кылмыш ишин кыскартып, аны жазадан бошотууга толук мыйзамдуу негиздер бар деп эсептейт.

КРнын Кылмыш-жазык кодексинин 12-26-беренелеринин 1-бөлүмүнүн 10-пункту, 292-294-беренелеринин жана Жазык кодексинин 59-беренесин жетекчиликке алып, сот токтом чыгарган.

Аскатка карата КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 112-беренесинин 1-бөлүмү менен козголгон кылмыш иши декриминалдашуусуна байланыштуу өдүрүштөн кыскартылсын. Ал жазык жоопкерчиликтен бошотулсун. Токтом мыйзамдуу күчүнө киргенче ага карата тандалган бөгөт коюу чарасы эч жакка кетпөө менен калтырылсын.

Токтомго нааразы тарап апелляциялык тартипте 10 сутканын ичинде Ысык-Көл облустук сотуна даттануу жана сунуштама берүүгө укуктуу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×