Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Ысык-Көл облусуТоң району 27.02.2019 11:57 Жаңыланды: 27.02.2019 18:16

Жеңеке: Ысык-көлдүк 36 жаштагы Зарина жолдошуна 9 бала төрөп берип, баатыр эне аталды (сүрөт)

Turmush -  «Жеңеке» долбоорунун кезектеги каарманы — Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Оттук айылында туулган 36 жаштагы Зарина Жамакеева. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал Нарын облусунун Кочкор айылында 1976-жылы туулган Эрнис Султанбековго турмушка чыгып, учурда экөө 9 баланы тарбиялап жатышат. Көп балалуу үй-бүлө Балыкчы шаарында жашайт.

«Болочок жолдошум экөөбүз мен мектепте окуп жүргөндө таанышканбыз. Ал менден 7 жашка улуу. Биздин айылда анын таякелери жашагандыктан бат-баттан келип турчу. Экөөбүз сүйлөшүп жүрүп, мен 11-классты аяктап жатканда ал сезимин билдирип, колумду сурады. Мен аны жакшы көргөндүктөн макул болдум. Ошентип баш кошуп, 17 жылдан бери чогуу түтүн булатып, 6 кыз, 3 уулубузду тарбиялап жатабыз», - дейт З.Жамакеева.

Анын айтымында, ал келин болгондо жаңы жыл тоскон күнү эсинен кетпейт.

«Жаңы келин болуп келгенде жолдошумдун үй-бүлөсү менен биринчи жолу жаңы жыл тосмой болдум. Түнкү 24:00дөн кийин соёбуз деп жаткан коюбуз эшик ачык калгандыктан короодон чыгып кетиптир. Аны саат 23:30 чамасында көрүп калып, жолдошум экөөбүз апамдан коркконубуздан караңгыда койду издеп чыктык же көчөдөн эч нерсе көрүнбөйт. Мен жолдошума таарынып: "Короонун эшигин жаап койбойт белең" деп артынан бара жатып, бир маалда сазга тыгылып калдым. Мен саздан чыга албай, бир ыйлап, бир күлүп жатсам кошуналар салют атып, жаңы жыл тосуп башташты. Ошентип жаңы жылды жолдошум экөөбүз саздан тоскон элек. Үйгө келсек, коюбуз короонун ылдый жагында эле жүргөн экен. Бул окуяны жаңы жыл тоскон сайын эстеп, балдарыбызга айтып берип, күлүп калабыз», - дейт ал.

Анын айтымында, 2017-жылы май айында «Баатыр эне» наамын алган.

«Баатыр эне болуу — эң чоң бакыт. Бүт эле аялзаты баатыр эне боло албайт да. Ар бир бала өзүнүн ырыскысы менен төрөлөт деген чын экен. Улуу кызым Нурай 2001-жылы төрөлгөн. Учурда 18 жашта. Андан кийин 2004-жылы Эркеайым аттуу кыздуу болдук. 2007-жылы Жылдыз, 2009-жылы Бурулсун аттуу кыздарыбыз төрөлдү. 2011-жылы уулдуу болуп, атын Улан койдук. Андан кийин 2013-жылы Аль-Мааида, 2014-жылы Айбийке аттуу кыздуу болдук. Анан 2016-жылы Баястан жана 2018-жылы Алишер аттуу балдарыбыз төрөлдү. Эң кичүүсү быйыл апрель айында 1 жашка чыгат.

Учурда балдарым кичинекей болгондуктан аларды карап үйдөмүн. Ал эми жолдошум эртеден кечке жумушунда. Келечекте балдарым ыймандуу, тартиптүү, элдин керегине жараган инсандардан болсо деп тилейм. Бардык жаш жубайларга көп балалуу болгула деп айтат элем», - дейт ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×