Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Ысык-Көл облусуТоң району 26.02.2019 18:05 На русском

Данияр Арпачиев Тоң районунун акими болуп дайындалды (өмүр баяны)

Turmush -  Арпачиев Данияр Карагулович Ысык-Көл облусунун Тоң райондук администрациясынын башчысы – акими болуп болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Буга чейин Данияр Арпачиев Каракол шаарынын мэри кызматын аркалаган.

Өмүр баяны

Аты-жөнү: Арпачиев Данияр Карагулович

Туулган жылы: 1974-жыл

Туулган жери: Ак-Суу районунун Каракол айылы

Билими:

- 1996-жылы Кыргыз айыл чарба академиясын аяктаган.

- 1996-1998-жылдары Кыргыз агрардык академиясынын аспирантурасы.

Эмгек жолу:

- 1998-2002-жылдары — Ысык-Көл облустук каржы башкармалыгынын башкы адиси;

- 2000-2002-жылдары— Ысык-Көл облустук каржы башкармалыгынын экономика жана салыкты божомолдоо бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары;

- 2002-2005-жылдары — Ысык-Көл облустук каржы башкармалыгынын экономика жана салыкты божомолдоо бөлүмүнүн жетекчиси;

- 2005-2008-жылдары — Ак-Суу райондук финансы бөлүм башчысынын биринчи орун басары;

- 2008-2014-жылдары — Ак-Суу районунун акиминин биринчи орун басары;

- 2014-2016-жылдары — Ак-Суу райондук Социалдык фонд башкармалыгынын башчысы;

- 2016-2018-жылдары— Каракол шаарынын мэри.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×