Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-июнь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 21.02.2019 12:42 На русском

«Өлтүрүп салам деп коркутуп...»: Таласта 5 жыл кулчулукта жүргөнүн айткан Эрландын чын-төгүнү (видео)

Turmush -  Талас облусунда 5 жылдан бери кулчулукта жүргөнүн айткан Ысык-Көл облусунун тургуну Эрлан Кылычбековдун арызы каттоого алынды.

Эрлан Кылычбековдун Turmush басылмасына берген билдирүүсүнөн кийин Ысык-Көл ОИИБдин кызматкерлери аны менен жолугушту. Жолугушууда белгилүү болгондой, ал буга чейин аталган факт боюнча укук коргоо органдарына арыз менен кайрылган эмес. Мындан улам бул факт боюнча тиешелүү чаралар көрүлүшү үчүн милицияга арыз менен кайрылуу керектиги түшүндүрүлүп, Э.Кылычбеков арыз жазган.

Эрлан Кылычбеков өз арызында билдиргендей, 2010-жылы эмгек биржада иштеп жүргөндө ага бейтааныш адам келип, Талас облусунда малчы болуп иштөөнү сунуштап, айына 20 миң сом төлөп берерин билдирген. Ал макул болгондо аны автобус менен Талас шаарына салып жиберген. Ал жерден Эрланды Б.Урмат аттуу жаран тосуп алган.

Ошондон кийин ал Талас облусунун Киров айылында жайгашкан сарайда малчы болуп иштеп баштаган. Убактысы келгенде ал айлык маянасын сураган, бирок Урмат апасынын ашын берип алгандан кийин төлөп берерин айткан. Апасынын ашын бергенден кийин Урмат Эрланды кичүү иниси Б.Рыскулга алып келип, эми ал инисинин малын бак деп айткан. Ошондо Урмат Э.Кылычбековдун көзүнчө анын маянасын кичүү инисине берип, айлыгын Б.Рыскулдан ала турганын айткан. Андан кийин ал Б.Рыскулдун малын багып иштеп баштаган. Убактысы бүткөндө ал маянасын сураганда Б.Рыскулдун Жылдызбек аттуу баласы телефонун тартып алып, катуу сабап, өлтүрүп саларын айтып коркуткан. Ошондон бери 2015-жылга чейин ал Б.Рыскулдун үйүндө акысыз иштеп келген. Бир күнү алар кеткенде Э.Кылычбеков качып чыгып, Бишкек шаарына кетип калган. Андан кийин Ысык-Көл районунун Бактуу-Долоноту айылына келген. Учурда милиция кызматкерлери тарабынан текшерүү иштери жүрүп жатат.

Буга чейин Э.Кылычбеков билдиргендей, ал акыркы 3 жылдан бери, тактап айтканда 2015-жылдан тарта эмгек акысын алуу үчүн аракет кылып келген. Ал тиешелүү документтери жок болгондуктан укук коргоо органдарына оозеки гана кайрылып, жардам берүүнү суранганын айткан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×