Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 05.03.2019 21:10 Жаңыланды: 05.03.2019 21:10

Айыл турмушу: Ысык-көлдүк Анвар пансионаттарды эмеректер менен камсыздайт (сүрөт)

Turmush -  Ысык-Көл районунун Темир айылынын 32 жаштагы тургуну Анвар Жунушбеков 20 жылдан бери кол өнөрчүлүк менен алектенип келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал кесиптик лицейде билим алган.

«Атам уста болгондуктан бул өнөрдү атамдан үйрөндүм. Союз учурунда ал орустарга табыт жасачу эле. Кичинекей кезимде анын жасагандарын көрүп жүрүп, мен дагы бат эле үйрөнүп кеттим. Учурда эшик-терезе, тепкич, стол, манеж, бешик, керебет жана жыгачтан шахматтын фигураларын жасайбыз. Алар жаңгак, кара жыгач, карагайдан жасалат. Материалын Бишкектен алып келебиз. Даяр болгон эмеректерди жасалышына жана көлөмүнө жараша ар кандай баада сатабыз. Кээ бир кардарлар материалын өздөрү алып келишет, андай учурда эмгек акысын гана алабыз. Мисалы тепкичтин эң кымбаты 100 миң сомго чейин жетет. Ысык-Көл облусу жана Бишкек шаарынан ар кандай буйрутмалар түшөт», - дейт уста.

Анын айтымында, Ысык-Көлдөгү пансионаттар үчүн ар кандай эмеректерге буйрутма беришет.

«Жаз мезгилинде пансионаттар үчүн ар кандай керебеттерди жана тепкичтерди жасатуу үчүн буйрутмалар түшө баштайт. Анткени жайкы сезонго даярдык башталат эмеспи. Ошол учурда бизде дагы иш кызыйт. Ошондуктан устачылыкты башкаларга дагы үйрөтүп жатам. Учурда эки шакиртим бар.

Келечекте цехти чоңойтуп, акыркы үлгүдөгү станокторду алып, дагы бир нече адамдарды жумуш менен камсыздоо планым бар», - дейт А.Жунушбеков.

Ал үй-бүлөлүү, 2 кыз, бир уулдун атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×