Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июнь
Ысык-Көл облусуТүп району 20.02.2019 16:06 Жаңыланды: 21.02.2019 09:19

Айыл турмушу: Түптөгү жамаат аз камсыз 34 үй-бүлөгө сүттүү уй алып берди

Turmush -  Түп районунун Карасаев айылынын тургундары жамаат түзүп, элет элине жардам берип жатышат. Аймактык кабарчы алар менен таанышты.

Жамааттын мүчөсү Анара Болотованын айтымында, 2016-жылы «Ынтымак» жамааты түзүлүп, ага 100дөн ашуун адам мүчө болгон. Алар айылдагы аз камсыз үй-бүлөлөргө мал, элетке айыл чарба техникаларын алып беришкен.

«Акыркы 3 жылдын аралыгында жалпы 34 аз камсыз үй-бүлөгө сүт багытындагы уй алып бердик. Алар сүт өткөрүп, киреше табуудан тышкары, малдын санын көбөйтүп жатышат. Ошондой эле айыл чарба техникаларын тиешелүү шаймандары менен алдык», - дейт жамааттын мүчөсү Анара Болотова.

Ал белгилегендей, алар каржы булактарды табуу менен ишти улантууну пландап жатышат. Айыл аймактын башчысы, жергиликтүү кеңештин депутаттары жамаатка колдоо көрсөтүп жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×