Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июнь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 20.02.2019 10:02 На русском

Ысык-Көлгө эс алууга келген бельгиялык аял кар көчкү алдында калып каза болду (сүрөт)

Turmush -  Ысык-Көл облусуна эс алууга келген Бельгиянын жараны кар көчкү алдында калып каза болду.

Аймактык кабарчыга маалым болгондой, ушул жылдын 13-февралында Каракол шаарына Бельгиянын 2 жараны — 1981-жылы туулган Дриз Эмил Кукенс [Dries Emiel F. Cuyckens] жана анын 1985-жылы туулган карындашы Кларт Март Кукенс [Klartje Mart N. Cuyckens] эс алуу үчүн келишкен. Аларды А.Азамат аттуу тургун тосуп алган.

Жергиликтүү тургун 16-февралда Бельгиянын жарандарына Ак-Суу районунун Боз-Учук капчыгайындагы тоого боз үй тигип, эс алууга шарт түзүп берген. Алар өрөөндө эки күндөн бери лыжа тээп эс алып жүрүшкөн.

19-февралда саат 10:00 чамасында Бельгиянын жарандары тамактанып алып, тоого лыжа тебүүгө кетишкен. Аларды Каракол шаарынын З.Достан аттуу тургуну гид катары коштоп жүргөн. Тоодон З.Достан лыжа тээп биринчи түшкөн, алдын ала макулдашуу боюнча анын изи менен Март түшүшү керек болчу. Бирок ал багытын өзгөртүп, башка жол менен түшүп кеткен. Ошол учурда кар көчкү түшүп, аны басып калган.

Дриз Эмил электрондук «Бипер» каражаты менен карындашы калың кардын астында жаткан жерди таап, З.Достан экөөлөп казып чыгарышкан. Карындашы каза болуп калганын билген соң, ал З.Достанды боз үйдө калган А.Азаматты жардамга чакырып келүүгө жиберген. Бир сааттан кийин жардамчылар келип, анын денесин айылга алып түшүшкөн. Түнкү саат 01:30 чамасында каза болгон жарандын денесин облустук ооруканага алып келишкен. Андан кийин соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлгөн.

Бул окуяны Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматынан тастыкташты. Ак-Суу РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө 20-февралга караган түнү облустук ооруканадан каза болуп калган чет элдик жаран алынып келингени тууралуу маалымат түшкөн. Окуя боюнча тергөө-оперативдүү тобу тиешелүү иштерди жүргүзүшкөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×