Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-июль
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 26.02.2019 22:45 Жаңыланды: 04.04.2019 23:45

Өзгөчө ысым: Жети-өгүздүк Гайде Умарованы айрымдар «Кайда» деп чакырышчу (сүрөт)

Turmush -  «Өзгөчө ысым» рубрикасынын кезектеги каарманы — Жети-Өгүз районунун Дархан айылынын 55 жаштагы тургуну Гайде Умарова. Ал айрымдар атын айта албай, «Кайда» деп чакырышканын аймактык кабарчыга айтып берди.

Гайде Умарова Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган.

«Ысымды мага атам ыйгарыптыр. Атамдын көзү өтүп кетти. Ал билимдүү, убагында мамлекеттик кызматта иштеген адам болчу. Көркөм адабиятты, анын ичинен дүйнөлүк, классикалык адабиятты абдан жакшы окуган. Менин атымды Александр Дюманын "Граф Монте-Кристо" чыгармасынан алып коюптур. "Султан Алипашанын кызынын атынан койгом" деп айтчу», - деди ал.

Гайде Умарова: «Биз 9 бир тууганбыз. Менден кийинки иним Слем 27 жашында каза болуп калды. Ага да ысымды атам ыйгарган. "Бул эмне деген ат?" деп таң калышчу. Бизге Сталин, Ленин, Энгельс, Маркстын баш тамгаларынан койгонун айтып калчу. Ошондой эле Райым, Күмүшкан, Назгүл, Искендер (Александр Македонскийдин урматына), Бактыгүл, Сыйнат аттуу бир туугандарым бар. Кичинекей кезимде атыма чоң энемдин теңтуштарынын тили келбей, "ушундай да ат коебу?" деп, Кайда деп чакырышчу. Аларга атым Гайде экенин айтчумун.

Адамдар менен таанышкан учурларда баары атымды сөзсүз кайра сурашчу. Бирок өзүмдүн атым жагат. Көпчүлүгү жылуу маанайда кабыл алышат. Ысымым менен дайыма сыймыктанып, атама ыраазы болом. Ким менен таанышпайын атымды 2-3 жолу сурашат. Кызын мектепке алып келген ата "сиздин атыңыз китептен коюлуптур, менин келинчегимдин да ысымы сиздикиндей" деген эле. Улуу кишилер менен таанышып калсам "тил келбейт го, Галя эле дейин" деп, көнгөндөн кийин чыныгы ысымымды айтып башташат», - деди.

Гайде айымдын Калыс, Акылбек жана Мирбек аттуу уулдары бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×