Бөлүмдөр
Шейшемби, 26-март
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 22.02.2019 23:50

Жеңеке: Музыкант Жаркын сынакка даярданып жүргөндө болочок жолдошун жолуктурган (сүрөт)

Turmush -  «Жеңеке» долбоорунун кезектеги каарманы — Балыкчы шаарынын 42 жаштагы тургуну Жаркын Исмаилова. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал 1992-1996-жылдары Ош шаарындагы педагогикалык колледжинин музыка бөлүмүн бүткөн. Окууну аяктагандан кийин 1997-жылы Түп районунун Ичке-Суу айылынын1975-жылы туулган тургуну Нурлан Боколовго турмушка чыккан. Учурда Балыкчы шаарында жашашат.

«Окууну бүткөндөн кийин Балыкчы шаарындагы маданият үйүндө иштеп калдым. Бир күнү Каракол шаарында өтө турган сынакка катышмай болдум. Болочок жолдошум ошол кезде Балыкчы шаарындагы №20636 аскер бөлүгүндө кызмат өтөп, ошол аскер бөлүктүн клубунда музыкант болуп иштечү экен. Экөөбүз бир сынакка даярданып жүрүп, жакындан таанышып калдык. Экөөбүз бири-бирибизди жактырган соң, баш коштук. Азыр 1 уул, 3 кызыбызды тарбиялап жатабыз», - дейт ал.

Анын айтымында, үй-бүлөдө кызыктуу окуялар көп болот.

«Уулум Артур кичинекей кезинде кошуналардын үйүндө ойногонду жакшы көрчү. Бир күнү жолдошум экөөбүз кошунаныкына барып, уулубузду сурасак, алар баламды көрбөгөнүн айтышты. Биз бүт кошуналардын, тааныштардын үйүнөн издеп жүрсөк, балабыз үйдө эле диванда уктап калыптыр. Биз анын үйдө экенин көрбөй, милицияга, тез жардам кызматына чейин чалып, сураган элек. Ошол окуя такыр эсимден кетпейт.

Келечекте балдарым ыймандуу, акылдуу, элге кереги тийген инсандардан болуп чоңойсо деп тилейм», - деди Жаркын Исмаилова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
47.96% (823)
«РСК Банк»
31% (532)
«Айыл Банк»
6.18% (106)
...
Всего голосов: 1716
×