Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-июнь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 15.02.2019 11:30 Жаңыланды: 27.03.2019 23:15

Өзгөчө ысымдар: Атыма жараша кесип тандадым, - Ысык-Көлдүн тургуну (сүрөт)

Turmush -  Тарыхчылар, санжырачылар балага коюлган ысым анын тагдырына, мүнөзүнө таасир берерин айтып келишет. Ал эми айрымдар ысымын өзгөртүүнү каалашса, кээ бири ысымы менен сыймыктанат.

Turmush басылмасынын кабарчылары өзгөчө ысымдуу жашоочулар менен тааныштырууну улантат. Бул жолу Жети-Өгүз районунун Саруу айылынын 55 жаштагы тургуну Чабан Бетиянов ысымы тууралуу айтып берди.

«Чоң атам Эшен мал багып, жайыттарды байырлаган адам болуптур. Мен жарык дүйнөгө келгенде чоң атам «менин жолумду уласын» деп атымды Чабан деп коюптур. Окуучулук кезде классташтарым «Чабан келе жатат, мал-жан кандай?» деп тамашалашчу. Чоң атамдын мага мындай ысым бергенине ыраазымын», - дейт Ч.Бетиянов.

Анын айтымында, ал 18 жашында «Кызыл жылдыз» төш белгиси менен сыйланган.

«Атыма жараша чоң атамдын жолун жолдоюн деп мектепти окуп бүтүргөн соң айыл чарба институтуна барып, аны ийгиликтүү аяктадым. Андан кийин Советтик армиянын катарына чакырылып, жоокер болдум. Ошол учурда Ооганстандагы согушка жиберилип, жоокердик интернационалисттик милдетимди так аткарууга аракет кылдым. Ал жакта 11 жоокер бир айлык сыноодон өттүк. Анан душмандарга каршы согушка катыштык. Ошол учурда жарадар болуп, бир ажалдан калдым. Аскердик ооруканада дарыланып жатып, жакшы болуп чыккан соң мага «Кызыл жылдыз» төш белгисин тапшырышты. Анда мен болгону 18 жашта элем», - дейт ал.

Андан кийин Чабан Бетиянов мекенине кайтып келип, үй-бүлө куруп, ферма башчысы болуп эмгектенген. Ал малды асылдандыруу, ылаңдардын алдын алуу боюнча бир катар иштерди жүргүзгөн.

Учурда өзү дагы мал багып, мал киндиктүү жерди байырлап келгендиктен айылдаштарына мал өстүрүү боюнча кеп-кеңештерин айтып келет. Ал 3 баланын атасы, активдүү жаран катары коомдук иштерге катышып, жаштарды мекенди сүйүүгө үндөйт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×