Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-апрель
Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата 11.02.2019 14:07 Жаңыланды: 11.02.2019 18:05 На русском

Ысык-Көлдүн тургуну аялын зордуктаган кишинин жыныс мүчөсүн кесип өлтүрдү. Окуянын чоо-жайы

Turmush -  Ысык-Көл райондук соту мыкаачылык менен адам өлтүрүү фактысы боюнча айыпталып жаткан жергиликтүү тургундун ишин карап, аны 14 жылга эркиндигинен ажыратты.

Айыпталуучу — Жети-Өгүз районунда туулган А.Адилет (А.А. аты өзгөртүлдү). Билими орто, эч жерде иштебейт. Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун 2001-жылдагы өкүмү менен КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 164-беренесинин 1-бөлүмү (уурулук) боюнча күнөөлүү деп табылып, 1500 сом айыпка жыгылган.

Чүй облусунун Сокулук райондук сотунун 2017-жылдагы өкүмү менен КРнын КЖКнин 246-беренесинин 3-бөлүмү (башкага берүү максатын көздөбөстөн баңги каражаттарын же психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү), 249-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту (баңгилик каражаттарды же психотроптук заттарды колдонууга тартуу) менен күнөөлүү деп табылып, 59-берененин негизинде 4 жылга эркиндигинен ажыратылган. Жаза өтөө мөөнөтү бүтө элек. Ал 2018-жылдын 18-августунан бери камакта. Ага КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин 2-бөлүмүнүн 6-пункту (адам өлтүрүү) менен айып тагылган.

Соттун токтомундагы маалыматка караганда, А.Адилет 2018-жылдын 16-августунда саат 23:30 чамасында Чолпон-Ата шаарына жакын жайгашкан мал сарайга мас абалында барган. Ошол жерде мал багып иштеген Т.Бакытты (Т.Б. аты өзгөртүлдү): «Сен менин аялымды эмне үчүн зордуктадың?» деп союл менен сабап, бычак менен бир нече жолу сайып, жыныстык мүчөсүн кесип өлтүргөн.

Соттук-медициналык экспертизанын корутундусунда Т.Бакыт травматикалык шоктон, көптөгөн кабыргалары сынып, ички органдары канап, кан толгондон каза болгондугу, мокок, катуу жана учтуу буюмдан жаракат алгандыгы аныкталган. Ал эми көз жумгандан кийин анын оң жаагы менен оң көзү ит же башка жырткыч жаныбардан жабыркаганы аныкталган.

Соттук-психиатриялык экспертизанын корутундусуна ылайык, А.Адилет кылмыш жасаган учурда акыл-ээси соо, өзүнүн кыймыл-аракетине жооп бере алгандыгы аныкталган. Сот отурумунда соттолуучу А.Адилет коюлган айыпты жарым-жартылай мойнуна алган.

Анын берген көрсөтмөсүнө караганда, ал ошол күнү жумуштан эрте кайтып, үйүнө жакындап калганда аялынын кыйкырып жатканын уккан. Короого жүгүрүп кирсе чөптүн арасында аялын Т.Бакыт зордуктап жатканын көрүп, жини менен аны сабап салган. Ошондо Т.Бакыт Чолпон-Ата шаарын көздөй, «азыр балдарды алып келип, көргөзөм» деп качып кеткен. Келинчеги экөө кечинде уктап жатканда Т.Бакыт кайра келип, аны сөгүп баштаган. Ошондо ал үйүнөн чыгып, таяк менен Т.Бакытты башка согуп, сабап, жылыңачтап, кийимдерин өрттөп салып, өзү үйүнө кирип кеткен. Ал Т.Бакытты бычак менен сайбаганын айткан. Эртеси дааратканага баратканда Т.Бакыт чөптүн арасында өлүп калгандыгын көргөн, анын беттери шишип, күчүк анын бетин жеп жатканын жана жыныстык мүчөсүн да жеп салганын айткан. Андан кийин ал укук коргоо органдарына телефон чалып, болгон окуяны айтып берген жана кылган ишине чын дилинен өкүнүп, кечирим сураган.

Соттолуучу А.Адилеттин жасаган кылмышы жабырлануучунун мыйзамдуу өкүлү жана күбөлөрдүн көргөзмөлөрү менен далилденген. Сот залында жабырлануучунун мыйзамдуу өкүлү Б.Ж. каза болгон Т.Бакыт анын эжесинин баласы экендигин айтып, соттолуучуну өмүр бою эркинен ажыратууну суранган.

Сот соттолуучу А.Адилетке карата жаза чектөөдө анын мурда бир нече жолу соттолуп, андан жыйынтык чыгарбастан кайра өзгөчө оор кылмыш жасаганын, коюлган айып боюнча күнөөсүн мойнуна жарым-жартылай алгандыгын эске алып, аны КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин 2-бөлүмүнүн 6-пункту (адам өлтүрүү) менен күнөөлүү деп таап, 14 жылга эркиндигинен ажыратып, мүлкүн конфискациялоо менен жазасын катуу тартиптеги түзөтүү абагында өтөө боюнча өкүм чыгарган. Айыпталуучу КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 60-беренесинин негизинде белгиленген жазасына мурдагы Сокулук райондук сотунун өкүмү боюнча өтөлбөй калган жазасын жарым-жартылай кошулуп, биротоло 14 жыл 6 айга эркинен ажыратылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×