Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 11.02.2019 11:42 Жаңыланды: 07.03.2019 17:32

«Жеңеке»: Ысык-Көлгө барган мугалим Махабатты болочок жолдошу сыноодон өткөргөндөн кийин баш кошкон (сүрөт)

Turmush -  «Жеңеке» долбоорунун кезектеги каарманы — 44 жаштагы Махабат Кыязова.

Өзүнүн айтымында, ал Нарын облусунун Кочкор районунда туулган. Кийин 20 жашында Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын 1973-жылы туулган тургуну Нурбек Эркетаевге турмушка чыккан.

«Кесибим боюнча мугалим болгондуктан Балыкчы шаарында практика өтөө үчүн келгем. Ошондо өзүн бир окуучунун агасы экенин айтып, сабагыма катышып кеткен. Нурбек менен ошентип таанышып калгам. Кийин 1995-жылдын 19-мартында экөөбүз баш коштук. Көрсө ал эч бир окуунун агасы эмес экен, мени сыртымдан байкап жүрүп, мектептеги мугалимдер менен сүйлөшүп, сабагыма катышкан экен. Мени өз сыноосунан өткөргөндөн кийин гана мамиле курууга кадам жасаптыр. Ага мектептеги Камила деген эжей жардам берип, менин сабагыма киргизген экен. Булардын баарын баш кошкондон кийин билдим. Азыр экөөбүз 2 уулду тарбиялап жатабыз, 24 жылдан бери түтүн булатып келебиз», - дейт М.Кыязова.

Анын айтымында, кайын энеси ага башкалардан айырмаланып өзгөчө мамиле кылат.

«Бизде айымдык тилектештик бар эле. Дайыма кайын энем мага, мен ага колдоо көрсөтүп турчубуз. Кайнатам үйдө жокто мени төргө отургузуп, чай берчү, тамак жасап берчү. Мен уялбай эле, анын жасаган тамагын иче берчүмүн. Кээде кошуналар, туугандар деле көрүп калып, таң калгандары болгон. Бизде келинди төмөн көрүү деген жок болчу. Ошондуктан кайын энем менин таянычым болуп калды. Мен ага абдан ыраазымын», - дейт ал.

М.Кыязова келиндик доордогу кызыктуу окуялары менен бөлүштү.

«Ал кезде мектепте сабак саат 07:00дө башталчу эле. Бир күнү жолдошум: «кечиктиң» деп шашып ойготту. Саатты карасам 06:10 болуптур. Шашып, жуунуп, кийинип жөнөп калдым. Кыштын күнү эле, эшик капкараңгы. Көчөнүн башына жетип, чоң жолго чыктым. Бир убакта күйөөм артымдан кыйкырып жетип келип: «үйгө бас» деди. Көрсө ал сааттын жебесин жылдырып коюптур, анда таң атпай эле, түңкү саат 02:10 болуптур. Ошентип, мени тамашага салганы үчүн бир ыйлап, бир күлүп кайра үйгө кеткенбиз.

Бош убактымда китеп окуганды жакшы көрөм. Учурда «Күндүзү күйгөн чырак» деген китепти окуп жатам. Балдарымды дагы китеп окууга үндөп, аларды билимдүү, ыймандуу болууга тарбиялап келебиз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×