Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-апрель
Ысык-Көл облусу, Каракол 10.02.2019 09:46

Караколдо өткөн жылы 1 миңден ашык жаран балага сүйүнчү пул алышты

Turmush -  Каракол шаарында миңден ашык жаран балага сүйүнчү пул алышты. Бул тууралуу шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысы Динара Түлеева маалымдады.

Анын айтымында, мындай жөлөк пул 2018-жылы 1 миң 175 жаранга жаңы төрөлгөн ымыркай үчүн берилген.

«Сүйүнчү берүү боюнча атайын бөлүм иш алып барат. Тийиштүү документтери менен келген ата-энелер сүйүнчү акчаларын алып кетишүүдө. Учурда документтерин тапшырган жарандар арбын болууда. Балага сүйүнчү алыш үчүн наристе төрөлгөндөн кийинки 6 ай аралыгында арыз берилиши керек. Андан кеч калгандарга акча берилбейт. Буга чейин атайын бурч уюштурганбыз, анда кандай документтерди даярдоо керектиги боюнча көрсөтмөлөр жазылган», - деди Д.Түлеева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×