Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-апрель
Ысык-Көл облусу, Каракол 09.02.2019 14:23

Казак туристтер үчүн Түп—Кеген жолу ачык турушу керек, - Туризм департаменти

Turmush -  Каракол шаарында 8-февралда туризмди өнүктүрүү жана анын көйгөйлөрү тууралуу талкуу болду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Талкууга туристтик ассоциациянын жетекчилери жана бизнес-союз бирикмелеринин өкүлдөрү катышты. Катышуучулар компанияга өкмөт кандай жардам бере ала тургандыгын туризм тармагындагы кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу маселесин, туризмдин коопсуздугун (туристерди коррупциядан, бюрократиядан, криминалдык түзүмдөрдөн, өзгөчө кырдаалдан коргоо) сактоону жана туристердин санын көбөйтүү үчүн эл аралык жыйындардын өткөрүлүп туруу сунуштарын талкуулашты. Ошондой эле, той-мааракелердин болушу менен жергиликтүү тургундардын бекер чыгымга учурап жаткандыгы тууралуу дагы ойлор айтылды. Катышуучулар аймактардагы экотуризм жана этнотуризмди өнүктүрүү жөнүндө да маалымдашты.

Маданият жана маалымат министрлигине караштуу Туризм департаментинин директору Максат Дамирбек уулунун айтымында, Кыргызстанга келген туристтердин дээрлик 60 пайызы Ысык-Көлдө болушат.

«Караколдо кышкы туризмди тийиштүү деңгээлде көтөрүү үчүн жолдордун абалын жакшыртуу зарыл. Мисалы, Каракол лыжа базасына чейинки Түп—Кеген жолун. Казакстандык туристтер Караколго Бишкектен эмес, аталган жолдордо кыска аралыкта келүүсү үчүн жолдор жыл бою суткасына 24 саатта ачык туруш керек», - деди ал.

Департаменттин директору мындан тышкары, азыркы учурда чет өлкөлүк туристтерди каттоодо кыйынчылыктар болуп жаткандыгын кошумчалады. Сырткы зонага чыгуу үчүн каттоону күтүү керек.

Анын айтымында, бул жол-жоболор, аймактардагы кооз жерлерди кыдырып келүү максатында келген эс алуучулардын убакытын алат. Туризм департаменти быйылкы жылы туристтер үчүн маданий-тарыхый жерлерди маалымат борбору кылуу пландалып жаткандыгын да белгиледи. Ошондой эле, Ысык-Көл жолуна заманбап даараткана куруу планы каралып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×