Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-февраль
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 08.02.2019 17:50 Жаңыланды: 09.02.2019 10:36 На русском

Жалгыз бой эне майып кызын мектептен чыгарып салышканына нааразы. Билим берүү бөлүмү себебин айтты (видео, сүрөт)

Turmush -  Балыкчы шаарынын 53 жаштагы тургуну Жылдызкан Султангазиева ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген кызынын укугун тебелегендерге карата чара көрүүнү өтүнүүдө.

Ж.Султангазиева аймактык кабарчы менен болгон маегинде билдиргендей, анын 1 уулу, 4 кызы бар. Жолдошу жол кырсыктан 2 жыл мурун каза болсо, жалгыз уулу 5 жыл мурун кайтыш болгон.

«Улуу 3 кызым турмушка чыгып, өз алдынча кетишкен. 2003-жылы туулган кичүү кызым Айжамал Садыкбековага F70 (акыл эсинен артта калган) деген диагноз коюлган. Мен 7 жашына чейин оорусун байкаган эмесмин. 1-класска барганда калем кармап жаза албай койгондо оорусу билинди. Кызым ошол жылы мектепке барбай, ооруканага көрсөтүп жүрдүм. Ошондо ага майыптыгы боюнча документ беришкен.

1-класска 2012-жылы №5 Чыңгыз Айтматов атындагы орто мектебине барган. Ал кезде өз алдынча жүрө алчу эмес. Ошондуктан мен күндө чогуу барып, жанында отуруп, жаздыртып, дааратканага алып барып, кайра үйгө алып келчүмүн. 3-классты бүткүчө бирге жүрдүм. Анан жалгыз уулум каза болуп калганда мен дагы ооруп, микроинсульт алдым. Буга байланыштуу кызымды мектепке алып бара албай калдым. Мындан улам кызымды атайын мектептен окутайын деп чечтим. Ошондо адистештирилген мамлекеттик мектептен окуталы деп Балыкчы шаардык социалдык коргоо бөлүмүнө, мэрияга, билим берүү бөлүмүнө кайрылып, жардам сурадым. Ал жактан жыйынтык жок болгондуктан кызымды жеке атайын мектепке бердим. Ал жакта 4-классты окуду. Кийинки жылы каражатыбыз жетишпей, 5-класста кайра мурунку окуган мектебине киргиздим. Ал жылы 5-классты өзү эле барып, окуп бүттү. 6-класста окуп жүргөндө атасы каза болуп калды. Кыйын күндөрдү башыбыздан өткөрдүк. Кийин кызым мектептен бети тытылып келе баштады. Башында маани бербей, атасын сагынып, жоктоп жатат го деп ойлогом. Мындай көрүнүш улана бергендиктен мектепке барып, териштирген соң окуянын баары башталды.

Азыр кызым 8-класста окуп жатат. Акыркы 3 жылдын ичинде көп окуя болду. Кызымды «оорулуу, башка окуучуларды сабайт, мугалимдерди калем менен чабат» деп жалган жалаа жаап, милицияга чейин арыздангандар болду. Атүгүл классында окуган классташтарынын ата-энелери үйгө чейин келип, «кызыңды окутпай эле кой, балдарыбызга коркунуч жаратууда» деп айтышты. Ошондо Бишкекке кызымды алып барып, психологиялык 3 борборго көрсөткөндөн кийин алар «мектепте окуганга болот, башка адамдарга коркунуч жаратпайт» деген маалым кат жазып беришкен. Бирок бул документке карабай, 2018-жылдын ноябрь айында мектепте комиссия түзүшүп, кызымды окуудан чыгарып коюшту. Мени кеңешмеге чакырышкан эмес.

2019-жылдын январь айынан баштап мугалимдер үйдөн сабак беребиз деп келе башташты. Кызым мугалимдерин көрүп алгач абдан сүйүнгөн, бирок үйдөн окуй турганын билгенден кийин 3 күн тамак ичпей, ооруп калды. Дарыгерлер келип, кызымды көрүп, тамак-аш берип, бир аз жакшы кылып кетишти. Кызым өзү «мектепке барып окуйм» деп жатса, мен эмне кылам? Эми кайра мектепке алышса деле «аны оорулуу, башкаларга коркунуч жаратат, балдарды сабайт» деп ого бетер кызымдын психологиясын жабыркатышат. Ошондуктан, кызымдын укугун коргойм деп жүрүп стресске кабылып, ден соолугум дагы начарлап кетти. Кызымдын мектептен билим алуу укугун тебелеп жаткандарга чара көрүлмөйүнчө бул көрүнүш токтобойт. Ошондуктан тиешелүү бийлик өкүлдөрүнөн бул маселеге көңүл бөлүүнү суранам», - дейт Ж.Султангазиева.

Ал эми Ж.Султангазиеванын кошунасы Акиза Батырканова Айжамал тууралуу өз пикирин айтты.

«Айжамалды кичинекей кезинен бери тааныйм. Биздин көз алдыбызда чоңоюп жатат. Өзү токтоо, жоош кыз, биздин балдар менен ойноп эле жүрөт. Биздин үйгө келип, 4 жаштагы неберемди ойнотот. Ушул убакка чейин терс мүнөзүн байкаган эмесмин», - дейт ал.

Дагы бир коңшусу Алмаз Курманов: «Бул үй-бүлөнү көптөн бери тааныйм. Атасы өтүп кеткен. Кыздарынын баары турмушка чыккан. Үйдө Жылдызкан эже кичүү кызы Айжамал экөө турушат. Кээде кызын биздин үйгө калтырып кеткенде, ал балдар менен кошулуп ойнойт. Ушул убакка чейин терс мүнөзүн көргөн жокпуз», - деп кошумчалады.

Ал эми Балыкчы шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Нүргүл Мамбетова окуя боюнча түшүндүрмө берди.

«Айжамал 1-класстан баштап Ч.Айтматов атындагы орто мектепте окуп келе жатат. Ага дарыгерлер «акыл эсинен артта калган» деген диагноз коюшуптур. Мындай окуучулар көмөкчү программа менен окутулат. Балдарга аралашса жакшы болуп кетээр деп 8-класска чейин окутуп келдик. Акыркы эки жылда ал агрессивдүү болуп калды. Окуучуларды сабап койгон учурлар болду. Ж.Султангазиева «менин кызым көк ала болуп келди» дей берет. Бирок башка балдарга дагы коркунуч болуп жатат да. Биз ошого карабастан башка окуучуларга айтып, Айжамалга теңелбегиле деп окутуп келебиз. Айжамалдан башка класста дагы 30 окуучу бар. Мурунку жоруктарын айтпай эле коёюн, акыркы жолу бир кызды көзгө чаап салыптыр. Бул окуя үчүн тил угуп, сөгүш алып жатабыз. Бул эже министр, Жогорку Кеңешке, прокуратура жана башка бардык жерге арызданды. Биз бул маселени шаардык депутаттардын, мэрдин, прокуратура кызматкерлеринин катышуусунда карап чыкканбыз. Айжамал жазгандан, окугандан кыйналса дагы биз баа коюп, класстан класска көчүрдүк. Ага бардык шарттарды түзүп бердик. Акыркы окуядан кийин башка окуучулардын ата-энелери нааразы болуп чыгышты. Анан биз эки жактын кызыкчылыгын бирдей карайлы деп, кеңешме өткөрүп, кызды убактылуу үйдөн окутууну чечкенбиз. Айжамалдын энесин кеңешмеге бир эмес, үч жолу чакырдык. Өзү келбей койду.

Билим берүү бөлүмүнүн алдында ПМПК (психологиялык медико-педагогикалык консультация) түзүлгөн. Билим берүү жана илим министрлигинин макулдашуусу менен ачылган. Анын курамында 9 адам бар. Мэриянын өкүлү, билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси, невропатолог, психиатр, логопед, психолог, балдар дарыгери бар. Ушул курам кыздын мектепте же үйдө окуй тургандыгы боюнча чечим чыгарып берет. Кыздын энеси ага дагы макул болбой, мэрияны, билим берүү бөлүмүн, мугалимдерди күнөөлөп жатат. Биз азыр эмне кылышты билбейбиз, себеби Айжамалды мектептен окутсак башка ата-энелер каршы болуп жатышат, ал эми Айжамалды үйдөн окуталы десек апасы нааразы болууда», - деп билдирди шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Нүргүл Мамбетова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×