Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-февраль
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 08.02.2019 15:57 На русском

Ысык-Көлдүн эң алыскы Жыргалаң айылында 1 метрден ашык кар түштү (сүрөт)

Жыргалаң
Жыргалаң

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун алыскы Жыргалаң айылында 1 метрден ашык кар түштү.

Тургундардын айтымында, жолду кардан тазалоо үчүн жайыт комитети тарабынан жаңы техника алынган. Ал айылдын жолдорун гана калың кардан тазалабастан, кар күрөй албаган кары-картаңдарга дагы кызмат кылууда.

«Айыл эли муктаж болгон техника алынгандан тышкары, жеке менчикке өтүп кеткен бала бакчанын кайра мамлекетке кайтарылганы бизди кубандырып жатат. Айылдык кеңеш, жергиликтүү тургундар Жогорку Кеңешке, өкмөткө көп жылдан бери кайрылып келишкен. 1-февралда соттун чечими чыгып, бала бакча айылдын карамагына кайтарылды. Эми айыл тургундары имаратты оңдоп-түзөөдөн өткөрүү үчүн чет уюмдарга кайрылып жатат. Бала бакчаны күзүндө ишке берүүнү максат кылып жатабыз. Айылда 60тан ашык бөбөк бала бакчага бара албай келишет», - деп билдиришти айыл тургундары.

Ак-Суу районунун Жыргалаң айылы райондон 60 чакырым алыс жайгашкан. Айылда кыш мезгили узакка созулганы менен жаратылышы абдан кооз. Айылга тургундар 1950-жылы отурукташа баштаган. Бул айыл көмүр кени менен таанымал. Айыл эли мал багуу жана айрымдары көмүр казуу менен алектенишет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×