Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-февраль
Ысык-Көл облусу, Каракол 08.02.2019 13:03 Жаңыланды: 08.02.2019 14:27

«Балдардын кышкы кийими жок»: Авариялык үйдө жашаган 10 балалуу үй-бүлө жардамга муктаж (сүрөт)

Turmush -  Каракол шаарында 10 балалуу үй-бүлө авариялык абалдагы үйдө жашап жатат.

2016-жылы «Баатыр эне» наамын алган Рахаткүл Токтобаеванын айтымында, ал учурда иштебейт. Үйдө 9 баласын карайт. Улуу кызы 21 жашта, ал турмушка чыккан. Андан кийинки 1999-жылы туулган уулу мектепти аяктаса, 2001-жылкы уулу, 2003-жылы, 2004-жылы, 2007-жылы, 2009-жылы туулган кыздары мектепте окушат. 2013-жылы жана 2016-жылы төрөлгөн кыздары үйдө болсо, эң кичүү наристесине 5 ай гана болду.

Р.Токтобаеванын жолдошу Арстанбек Мусаев Караколдогу автобекетте текшерүүчү болуп эмектенет.

«Жолдошум болгону 6 миң сом айлык алат. Балдарга жөлөк пулду 2018-жылдын сентябрь айынан баштап ала баштадык. Жалпы 5 миң 670 сом жөлөк пул алам. Каражат жетишпегенден улам учурда балдарым мектепке ботас кийип барып жатышат. Жок дегенде үстөк пайызы аз насыя берилсе үй курат элек», - дейт Р.Токтобаева.

Ал эми жолдошу Арстанбек Мусаевдин айтымында, ал акыркы 20 жылдан бери автобекетте эмгектенет.

«Мен орто билимдүүмүн. Башка жумуштарда деле иштеп жүрдүм, айлык акымды бербей койгон учурлар болгон. Автобекетте туруктуу иш болгондуктан 20 жылдан бери эмгектенем. Маянам 6 миң сом. Келинчегим чуркап, документтерди өткөрүп жүрүп, өткөн жылдан бери жөлөк пул алып баштадык. Ал каражат деле балдарымдын тамак-ашынан ашпай, учурда кышкы кийимдери жок, абдан кыйналып жатабыз. Азыр Каракол шаарында 90 жыл мурун курулган авариялык абалдагы үйдө баш калкалап жатабыз. Эгер өкмөт тарабынан аз камсыз үй-бүлөлөргө үстөк пайызы төмөн насыя берилсе, үй курат элек», - дейт А.Мусаев.

10 баланын ата-энеси кайрымдуу жарандардан жардам сурайт. Байланыш телефону: 0705 30 73 58.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×