Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-февраль
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 08.02.2019 11:13 Жаңыланды: 08.02.2019 19:11 На русском

Мекендештер: Чет өлкөдө кардиолог болуп иштеп жаткан Гүлкайыр Кыргызстандан эмне үчүн кеткенин айтып берди (сүрөт)

Turmush -  «Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы — 38 жаштагы Мукамедкалый кызы Гүлкайыр. Ал Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Барскоон айылында туулган. Учурда Россиянын Иркутск облусунун Братск шаарындагы ооруканада кардиолог болуп эмгектенүүдө. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал көп балалуу үй-бүлөдө чоңойгон. 1998-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын Дарылоо иши факультетине тапшырган. 2004-жылы окуу жайды ийгиликтүү аяктап, М.М.Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунда 2 жыл ординатурада окуган.

«2006-жылдан баштап ошол эле борбордо илимий кызматкер болуп иштеп калдым. Кийин үй-бүлөлүк шартка байланыштуу илим менен кете алган жокмун. 2015-жылы Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасына которулуп, кардиология бөлүмүндө кардиолог дарыгери болуп иштедим. Ошол убакта эле кадрлар жетишпей, көп милдеттерди мойнубузга алып иштөөгө туура келди. Ошол ооруканадан жакшы тажрыйба топтодум десем болот. Жумушта 15-16 саат жүрчүмүн, кээде үйгө 5 саатка уктаганы эле барган учурлар көп болчу.

2018-жылдын июнь айында өз каалом менен арыз жазып, жумуштан чыгып, үй-бүлөм менен Россияга көчүп кеттик. Учурда Иркутск облусунун Братск шаарындагы ооруканада кардиолог дарыгери болуп иштеп жатам. 2017-жылы жолдошум Россияда бир нече ай иштеп келгенден кийин дарыгерлер менен мугалимдерге жакшы шарттар түзүлгөнүн айтып, чогуу иштеп келүүнү сунуштаган эле. Алгач бизден мурда кетип, Россияда иштеп жүргөн өзүмдүн кесиптештерим менен байланыштым. Алардын арасынан Мукашев Нурбек Белекович бизге аябай жардам көрсөттү. Ал кандай документтерди топтоо керектигин айтып, ошол шаардан жумуш жана жашаганга батир таап койгонун билдирди. Документтерибизди даярдаганга жарым жылдан ашык убакыт кетти. Бул жакка келип учурда кесибим боюнча кардиолог болуп иштеп жатам. Эч качан өз жумушуман тажабайм, эмгек өргүүгө чыксам дагы кайра бат эле кайтып келгим келет. Бул жакта дарыгерлер үчүн баардык шарттар түзүлгөн», - дейт ал.

Ошондой эле, ал дарыгер болууну кичинекей кезинен бери эле кыялданып жүргөнүн айтат.

«Кичинекей кезимде эле дарыгер болом дечү элем, жаштын тилегин берет деп бекеринен айтылбаса керек. Мектепти аяктагандан кийин Медакадемияга окууга өткөнүмдө үй-бүлөбүз менен аябай сүйүнгөн элек. Мен өзүм кан тамыр хирургиясына кызыкчумун. 6-курста окуп жүргөндө каникулга айылга барсам, атам ооруп калыптыр. Кайра Бишкекке чогуу келип, атамды мени окуткан дарыгерлерге көргөзмөкчү болдум. Барганда эле атамды Улуттук кардиология борборунун кайра жандандыруу бөлүмүнө жаткырышты. Өзүм студент болсом, такшалып, тажрыйба топтой элекмин да, өзүмө келе албай, көпкө ыйлагам. Кийин атам жакшы болуп ооруканадан чыкты. Ошондо атам мага: «Кызым, кардиолог болчу, жакшы кесип экен» деп айткан эле. Мен макул болуп, ошону менен кардиология багытында кеттим. Азыр ушул багытты тандаганыма дагы эч өкүнбөйм», - дейт ал.

Анын айтымында, ал акыркы 7 айдан бери Россияда эмгектенип жүрөт.

«Россияга келгенибизге 7 ай болду. Керектүү документтердин баарын топтодук, эми жарандык алууну ойлонуп жатабыз. Айлык маяна Кыргызстандагы дарыгерлердикине салыштырмалуу бир нече эсе көп. Мен учурда 6 саат эле иштеп жатам, эгерде дагы кошумча иштесем маяна дагы жогору болот.

Россияда медицина алда канча өнүгүптүр, биздегидей кезек күтүп, бөлмөнүн алдында турушпайт, талон менен өз убагында келип көрүнүп кете беришет. Чоң операциянын баары квота менен бекер жасалат экен. Адамдын майыптыгы тыкыр текшерилген соң гана тиешелүү документтер берилет экен. Дарыканаларда антибиотиктер дарыгердин рецепти менен эле сатылат экен. Бизде дарыканада иштегендер эле жазып берип, антибиотиктерди ала беришет. Операциялар эч качан акысыз жасалбайт», - деди мекендешибиз.

Ошондой эле, ал иш учурундагы кызыктуу окуялары менен дагы бөлүштү.

«2017-жылы Улуттук кардиология борборунун кайра жандандыруу бөлүмүндө окуп жүргөндө 70ге чыгып калган ата жүрөгүнөн инфаркт болуп жаткан экен. Абалы бир аз жакшы болуп, реанимациядан башка бөлүмгө которобуз деп даярдап жаткан учурда, кайра абалы начарлады. Жарым сааттын ичинде 2 жолу инфаркт болду. Дарыгерлер жаш болсо дагы ыкчам чара көрүп, ал карыяны өлүмдөн сактап калышкан. Кээ бир учурларда бир жолу инфаркт болгондо эле адам үзүлүп кетиши толук ыктымал. Мен ошондо жаш дарыгерлердин ишине баа бердим эле.

Бул жактан менин кабыл алуума кириш үчүн бейтаптар терапевт дарыгерден талон алып келишет. Өздөрү түз кайрылса, аларды көргөнгө укугум жок. Бир жолу аял бейтап мага көрүнөм деп терапевтге барса, ал кардиологго көрүнүүгө негиз жок деп, талон бербептир. Анан ал мага өзү келип: «жаман болуп жатам, талону жок эле кабыл ал» деди. Мен мындай учурда шашылыш жардам көрсөтө турган дарыгерлер бар экенин түшүндүрүп, бейтаптарды талон менен гана кабыл аларымды айттым. Ал бейтап ошол жерден эсин жоготуп жыгылып, артист болду. Башка дарыгерлер алып кетишти. Эртеси ошол бейтап мага талон менен кабыл алуума келди. Текшерип чыгып, эч кандай оорусу жок экенин айтсам, ал жөн гана бир ирет көрүнүп коёюн деп келгенин айткан эле.

Бул жакта бардык нерсе өз эрежеси менен болгондуктан башкы дарыгердин же бөлүмдүн башчысынын туугандары дагы катардагы бейтаптардай эле талон менен келип көрүнүшөт. Кыргызстанда болсо жогору жактагылар «кудам, бир тууганым, кошунам эле» деп жиберип, кезексиз көрүп, кабыл алып коюуну суранышат. Аларды текшерип, ооруканага жаткырып жүрүүгө аргасыз болчу элек», - дейт ал.

Гүлкайыр Россияда иштеп жүрүп, бир дагы жолу коррупцияга туш болбогонун айтат.

«Бул жакта тамак-ашка болгон баалар Бишкектегидей эле. Ал эми этти малды адал кылып союп саткан мекендешибизден алабыз. Мени таң калтырганы паракорлуктун жоктугу. Бардык жерде электрондук түрдө кезек менен кабыл алышат. Канчалаган документ бүтүрдүк, балдарды мектепке, бала бакчага киргиздик, бир дагы жерден акча сурашкан жок. Кыргызстандан ар бир маалым кат сыяктуу документке 50 же 100 сом алат эле.Бул кадимкидей эле көрүнүш болуп калган. Бул шаардан акча сураган адамды көргөн жокмун. Кыргызстандын ЕврАзЭСке киргени жакшы болуптур деп ойлойм, анткени маянабыздан ашыкча каражат кармап калышпайт, жергиликтүү дарыгерлер канча айлык алышса бизге дагы ошондой төлөнөт.

Кыргызстанда иштеп жүргөндө убактымдын көбү жумушта өтчү эле. Анткени түнкүсүн нөөмөткө чыкчумун. Бул жакка келгенден кийин бош убактым пайда болуп, балдарга көңүл буруп, алар менен эс алууга дагы чыгып калдык. Башында балдарым менин түнкүсүн дагы ишке кетпей калганыма таң кылып жүрүштү. Эгер өз мекенибизде дагы дарыгерлерге ушундай шарттар түзүлсө жаш кадрлар чет өлкөлөргө кетишпейт эле деп ойлойм. Тилекке каршы, көпчүлүгү айлык маянанын аздыгынан, системанын жоктугунан кетип жатышат.

Биз Кыргызстанга жакынкы 10 жылдын аралыгында кайтып барабыз деген үмүтүбүз бар. Өлкөбүздө өнүгүү болуп, чет жерлерде жүргөн мигранттардын 90 пайызы өз мекенине кайтып келсе деп ойлойм», - дейт жаш дарыгер.

Учурда Гүлкайын жолдошу менен 3 уулду тарбиялап жатышат.

«Жолдошум Улан экөөбүз турмуш курганыбызга быйыл 13 жыл болот. Акбар, Актан жана Акназар аттуу үч уулубуз бар. Экөөбүз классташ элек. Ал мени окуумду бүтсүн деп күтүп жүрүп, анан үйлөнгөн элек. Ал менин билим алып, өз кесибим менен иштегенимди колдоп, жардам берип турат. Бир айга окууга кеткенимде дагы балдарды өзү карайт. Дарыгерлер өмүр бою окуп, билим алып турушу керек. Анткени медицина дайыма бир орунда турбайт, профессионал дарыгер болуш үчүн дайыма изденип, окуп, билим алуу зарыл. Биз окууга жиберип жатканда жолдошум: «8 жыл эмнени окудуң эле, жыл сайын эле окуй бересиңби?» деп күлүп калат.

Эми жолдошум экөөбүз балдарыбызга дагы татыктуу билим берип, алардын ыймандуу, билимдүү болуп чоңоюшуна аракет кылып жатабыз. Алар дагы өздөрү каалаган кесиптин ээси болсо дейм»,- деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×