Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-апрель
Ысык-Көл облусу, Каракол 08.02.2019 08:10

«Чоң кыз, уколду жамбашка эмес, оозуңузга саям»: Тиш дарыгер Мирландын иш учурундагы окуялары (сүрөт)

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Түп районунун Күрмөнтү айылында туулган Мирлан Чалбараков Каракол шаарындагы стоматологиялык борборлордун биринде тиш дарыгери болуп эмгектенип келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, 2001-жылы Күрмөнтү айылындагы орто мектепти аяктап, ошол эле жылы Каракол шаарындагы стоматологиялык техникумда билим алган. Андан кийин Каракол шаарындагы Кызыл жарым ай коомунун тиш дарыгер бөлүмүндө тиш техниги болуп 6 ай эмгектенген. 2002-жылы күзүндө аскер кызматына чакырылып, Нарын шаарында аскер бөлүмдө кызмат өтөгөн.

«2004-жылы Кара-Балта шаарындагы окуу жайда тиш дарыгер адистиги боюнча билим алып, аны 2006-жылы аяктагам. 2006-жылы кайра Бишкек шаарындагы И.Арабаев атындагы университетинин психология бөлүмүндө билим алып баштап, аны 2010-жылы бүтүрдүм. Учурда Каракол шаарындагы балдардын стоматологиялык борборунда тиш дарыгер болуп эмгектенип келем», - дейт 35 жаштагы М.Чалбараков.

Анын айтымында, иш учурунда кызыктуу окуялар көп болот.

«Мындан 4-5 жыл мурун адаттагыдай эле бөлмөмдө бейтаптарды кабыл алып жаткам. Анан кезеги келгенде бир жаш кыз кирди. Ал отургучка отургандан кийин тишин карап, «укол сайып анан дарылайынбы?» десем макул болду. Мен ары басып, укол даярдап келсем, кыз ордунда жок экен. Көрсө ал кыз отургучтан түшүп, шымын чечип жамбашын даярдап алыптыр. Аны көрүп чочуп кетип: «Чоң кыз, уколду жамбашка эмес, оозуңузга саям» десем ал тиш доктурга биринчи жолу келгенин айткан эле», - дейт Мирлан Чалбараков.

Ал дем алыш күндөрү айылга ата-энесинин үйүнө барат. Айылда жылкы багып, аларга кам көрөт. Үй-бүлөлүү, эки кыздын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×