Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-апрель
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 07.02.2019 15:13

Ак-Сууга кореялык инвесторлор крахмалы көп 70 тонна картошка алып келишет

Turmush -  Ак-Суу районунда быйыл курамында крахмалы көп картошканын сортун өстүрүү пландалууда. Себеби жергиликтү картошкаларды кайра иштетүү маалында аз крахмал алынганы аныкталган.

Райондук администрациянын маалыматына караганда, кореялык инвесторлор эми курамында крахмал жогору болгон 70 тонна картошка алып келишет. Ал 20 гектарга эгилип, кийинки жылы дыйкандарга келишимдин негизинде берилет. Түшүмүн дыйкандар крахмал заводуна келишимдин негизинде сата алышат. Мындан улам бир чети завод сырье менен камсыз болсо, дыйкандар кардар издебей, түз сата алышат.

Район аймактарында өстүрүлгөн картошканы кайра иштетүү үчүн 2015-жылы инвесторлор Теплоключенка айылынын мурдагы «Сельхозтехника» ишканасынын аймагынан жер бөлдүрүп алышкан. Суткасына 60 тонна картошканы иштетип чыгуучу завод курулуп, ишке берилген. Заводдо 25 адам жумуш менен камсыз болгон. Андан чыккан продукциялар жакынкы чет өлкөлөргө сатыкка чыгат. Ал эми 2018-жылы 24 гектарга картошка эгилип, завод 270 тонна картошканы кайра иштетип, крахмал өндүрүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×